Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Белгилүү француз актёру Жан-Поль Бельмондо дүйнө салды

Белгилүү француз актёру Жан-Поль Бельмондо дүйнө салды

07-сентябрь, 11:48
1 538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Франциялык белгилүү киноактёр Жан-Поль Бельмондо 88 жашында көз жумду. Бул тууралуу "Франс-пресс" жаңылыктар агенттиги 6-сентябрда актёрдун адвокатына шилтеме кылып кабарлады. Актёрдун өлүмүнө эмне себеп болгону айтыла элек.

Бельмондо 1950-жылдары калың элге тааныла баштаган. Ал 1950-60-жылдардагы француз кинематографиясындагы жаңы толкундун көрүнүктүү өкүлү катары мүнөздөлүп келет. Актёр 26 жашында Жан-Люк Годардын "Акыркы дем" аттуу фильминде Мишел Пуакар аттуу ээнбаш жигиттин ролун ойноп, бүтүндөй дүйнөгө атагы чыккан.

Бельмондо 50 жылдан ашкан карьерасында Франциядагы комедия жана экшн-фильм жанрындагы тасмаларда ондогон ролдорду жаратты. Ал баш-аягы 80ден ашык фильмде роль ойногон. Time журналы 1964-жылы Бельмондону "Франциянын жүзү" деп атаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер