Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлина Исмаилова, экстрасенс: “Мага “кара дубасын” чечтирүү үчүн көп келишет...”

Гүлина Исмаилова, экстрасенс: “Мага “кара дубасын” чечтирүү үчүн көп келишет...”

29-декабрь, 21:38
3 296 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ары кырдуу, ары сырдуу Гүлина Исмаилова айым менен баарлаштык. Бу кишиде баардыгы бар. Бир кезде “Битва экстрасенсов” берүүсүнүн катышуучусу болгон. Азыр да бул ишмердигин улантып келет. Алдын ала айта коймой жагынан алдына адам салбайт. Бүт айтат. 

-- Гүлина айым, сизде кандайдыр бир адамзат аңдабаган касиеттер бар экенин билебиз: астролог, экстрасенс, көзү ачыктык, дарыгер, шыпаагер – мына ушулардын баары бир адамга топтолгонсуйт...

-- Сиз өтө эле мактап аткандайсыз. Бирок, ар бир адамда сиз атаган касиеттер болот. Бирөөндө астрология жагы өрчүгөн болсо, бирөөндө экстрасенс жагы калыптанган. Дагы бирөө жөн эле адамдын тамырын кармап табыпчылык менен алектенет. Сиз айтмакчы, кээде туруп-туруп эле бирдемелерди айта баштайм. Желкемде бирөө туруп алып “муну айт, тигини сүйлө” дейт окшойт. Анан токтоно албай кете берем, менимче, транска кирип кетемби дейм. Эң кызыгы, өзүмдүн айткандарымдын баары жашоодо дал келет. Көбүнчө алдын ала айткан болом. Бир эле мисал айта кетейин. Мындан жарым жыл мурун Садыр Жапаровдун боштондукка чыгарын, бул жигитке оомат келерин айткам. Ыр түшкөн эле: “Крокодил кит көрдүм, /Касиеттүү күч көрдүм. /Күйүп-жанып жандүйнөм, /Көл энеден сүт көрдүм” деп. Ошон үчүн көлдүк бала чыгып атпайбы. Тегерек-четимдеги адамдардын жарымы ишенген эмес. Ошол эле учурда табыпчылык касиетим менен элдерге шыпаа көрсөтөм. Тукумсуздуктан, тери ооруларынан арылтам. Андан сырткары, үйлөрдү, машинени терс энергиялардан тазалайм. 

-- “Кара дубаны” чече аласыңбы?

-- Түшүндүм байке, азыр көпчүлүк эл билип-билбей “кара дуба” менен жашап жүрөт. Билип калгандар чечтирүүнүн амалын кылышат. Билбегендер тагдырына шылтап, жашоонун кыйынчылыктарын көрүп коюп жүрөт. Мага көп келишет. Келгендердин жарымы “кара дуба”. Бирөөнүкү татаал, бирөөнүкү андан да коркунучтуу. Чечем, чечип атып өзүм да кыйналып кетем. Оңой иш эмес да. 

-- Элге таанымал саясатчылар “жолумду ачып бересиңби?” деп кайрылабы?

-- Андайлар жок эмес. Алгач “мени тааныйсыңбы?” деп башташат. Мен таанысам да “тааныбайм” дейм. Анткени иштин кызыкчылыгы болуш керек да. Негизи эле адамдардын жашоосу, жашоого болгон көз карашы, тагдыры – баардыгы аалам жылдыздарынын жайгашышынан жана таасиринен көз каранды. Ошондон улам биздин саясатчылар деле катардагы адамдар сыяктуу түйшөлөт, жолдору буулат, ооруйт, сыркоолойт, жактырбаган адамдары “кара дуба” окутуп турушат... 

-- 2021-жыл жөнүндө божурап берчи, кандай жыл болот?

-- “Жети баштуу ажыдаарды уйлар сүзүп салат” деген кеп. Жер эненин касиети ыроологон жыл болот. Мен Кыргызстанда боло турган саясаттын абалын айтып атам. Ажыдаарлар чыгат. Аны уйлар сүзөт. Жымсалдап айтканда... 


Сурат Жылкычиев  

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер