Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 700 басма табак (кеминде 25 том) мурас калтырып кеткен Ыбырайм молдоке

700 басма табак (кеминде 25 том) мурас калтырып кеткен Ыбырайм молдоке

05-сентябрь, 23:28
2 279 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аалы Молдоканов (Аалыке дейт элем) агабыздын капыстан көзү өтөрдөн бир жарым ай мурун жолугуп, бир топ божурашкан элек. “Суке, сен этнограф Ыбырайым Абдрахмановго түспөлдөш болуп кетесиң. Ушу киши жөнүндө кино тарта турган режиссер болсо сени сунуштамакмын. “Аа баса, мындан эки жыл мурун бекен, ушу Ыбырайым Абдрахманов жөнүндө жаздым эле. Эл көп окубай калыптыр. Ошону сага таап берейин. Гезитиңерге берип койгула, силердин гезитти көптөрү окушат” деген. 

Аалыкем 9-июль күнү көз жумду. Угуп алып, кабыргам кайышты. Ажалга айла жок экен, арабыздан жулуп кетти. Ушу сентябрдын аяк ченинде, туулган күнүндө мени үйүнө чакырып, кесме жасап бермек. 

Ыбырайым Абдрахманов жөнүндө ой толгоосун эч бир өзгөртүүсүз аманат катары берүүнү эп көрүп турам. 

ЫБЫРАЙЫМ АБДРАХМАНОВ — алгачкы агартуучу, манасчы, санжырачы, акын, тарыхчы, этнограф, илимпоз, фольклор жыйноочу. Тоодой эмгек кылып, толгон сыйлыктарды алып, ал кездеги туташ сабатсыз кыргыздардан чыккан сейрек билимдүү адам. Анын чыныгы орду Арабаев менен Тыныстановдун жанында. Профессор Эсенбек Мамбетакунов айткандай, кыргыз Ломоносову. Эгер Ыбырайым молдо болбосо, манасчылардын төрөсү Сагымбайдын Манасы болмок эмес. Саякбай, Шапак, Тоголок Молдо, Молдобасан, Багыш, Жаңыбай, Акмат, Жакшылык ж.б. манасчылардын варианттары жазылбай, жазылса да толук болбой калмак. Молдокем 60 жыл бою майда эпосторду, жомокторду, фольклордун майда дебей, чоң дебей, баардык жанрларын чогултуптур. «Манастын» сакталып турган 70тен ашык вариантына тийешеси бар экен, бизге жеткен ондогон манасчылар тууралуу маалымат калтырган бирден-бир окумал киши эмеспи. “Ушунчалык укмуштуу байлыкты эл оозунан топтоого жалгыз киши кантип үлгүргөн?” деген суроонун жообу да ал тууралуу кенен билбеген адамды таңкалтырбай койбойт.

Биринчиден, бул кишинин эске тутуусу (бир аз апыртсак) бүгүнкү магнитофон, диктофон, компьютердей эле болгон экен. Сагымбайды, башкаларды стенографисттик ыкчамдык менен жазып үлгүрүп, калганын эске тутуп, кийин толуктап койчу тура.

Экинчиси, Акмолдо атабыздын аялзатына алаксыбай, бой жашаганы кыргыз маданияты, кыргыз эл оозеки адабияты үчүн чоң олжо болгон экен. Катын-бала бакпаган соң, молдокем чайын ичип, намазын окуп, бир аз уйку аралаган соң, үйүбү, кызматыбы, саатты билбей күнү-түнү күжүлдөп иштей берчү дешет. Алгач арабча жазса, кийин тубаса зээндүү киши латын, орус алфавитинде жорголотчу экен. «Буларың ким, качан кетет?» деп тергеген кожойкеси болбогон соң, калем акыларын чогултуп Герцен көчөсүнөн сатып алган үйү кадимки эле мейманкана болуптур. Улгая түшүп, колу калтырап калган Тоголок Молдону үч жыл үйүнөн кетирбей жазыптыр. Үч доорду көрүп, үч облуста жашап, үч алфавитте жазып, 700 басма табак (кеминде 25 том) мурас калтырып... Кайран гана кыраакы молдокем, көзү тирүүсүндө эле түбөлүк жатчу жайын каздырып, өзүнө таштан эстелик жасатып кеткен экен. Биз ага бир эстелик коё албасыбызды билсе керек!

Эстелик демекчи, улуттук филармониянын астындагы айкөл Манас, акылман Бакай, ургаачынын төрөсү Каныкей апабыздын, аны айланта салынган манасчылардын эстелигин жасагандар, аларга кеңеш бергендер «Манас» эпосунун бетин ачпаган пенделер болсо керек. Кайсы бир элдин кайсы бир баатырынын көчүрмөсүнө окшоп, семиз бээ минип турган Сейтектин ортозаар айкелин Манас дешке болобу? Же Сагымбай менен Саякбайдын катарындагы карыяларды кантип Тыныбек жана Найманбай деп айтабыз? Ал жарыктыктардын сүрөтү же өз ооздорунан жазылган “Манасы” жогуна көз жумабызбы?

Эмне үчүн бул төрт манасчынын бирөө-жарымы тонна кагазга «Манасты» жазган, жайнаган сүрөттөрү бар Ыбырай Абдрахманов эмес? Биздин скульптор, архитекторлор, аларга кеңеш берген билермандар кылымдап тура турган мындай чоң эстеликке ушунчалык кайдыгер карайбы?

Шаардын жүлүнүндөгү ушул эстелик комплексти долбоорлогондордун курамына К.Маликов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Юдахин, М.Ауэзов, К.Айтиев, К.Жантөшов, А.Салиев, Б.Керимжанова, К.Асаналиев ж.б. даанышмандар кирген чоң редколлегия иштеп чыккан “Манас” эпосунун тарыхтагы биринчи үчилтигинин кыскартылып бириктирилген вариантынын биринчи китебине чыгаан филолог, чыныгы академик Болот Юнусалиев жазган баш сөзүн барактап коюшса болмок. Ал жерден Сагымбай менен Саякбайга катар турган 90 жаштагы Шапак Рысмендеев менен 70 жаштагы Ыбырай Абдрахмановдун сүрөтүн көрмөк. “Манасты” чыгарууда анын ар бир сабын, ар бир сөзүн сыдыргыга салганын, идеологиялык, партиялык өңүттөн өтө жооптуу мамиле жасалганын эске алсак, дал ушул төрт манасчынын сүрөтүн бөлүп алып чыгаруу редколлегиянын аларга берген баасы экендиги сезилип турат. “Манас” китебиндеги даяр сунушту пайдаланбай, оңой жолго салганына караганда, биздин бедизчи- шабашниктерибиз үчүн кимди койгону баары бир болсо керек («окшобой калыптыр» деп эч ким доомат кылалбайт да). Тигил калпактары калдайган эки абышканын (эмнегедир биздин айкелчилердин Манасы дайыма жаш бала да, манасчылары картаң чалдар!) астына Тыныбек, Найманбай эмес, Жайсаң, Ырамандын Ырчы уулу деп жазып коё берсе деле эч кимдин иши болбосун билген үчүн ушундай кайдыгерликке жол берилип жатат…

Ыбырайым Абдрахмановго мамилени карап отуруп, манасчылар Сагымбай, Саякбай, Шапак, Тоголок Молдо; академиктер Б.Юнусалиев, К.Юдахин, М.Ауэзов; акындар А.Токомбаев жана А.Осмоновдор молдокемди өтө бийик баалаганы менен кийинкилер Сагымбай менен Саякбайдан башкаларын изилдеп, китебин чыгарып убара болбогондой таасир калтырат. Дегеним, молдокенин юбилейи бир да жолу өтпөптүр. Жогорку, орто окуу жайларын жайына эле коёлу, мектепке же бала бакчага да атын ыраа көрбөптүрбүз. Уялбай Манас менен жан багып, баарыбыз “Манасты” оозанабыз. Көзү тирүүсүндө, көзү өткөндөн берки 70 жыл ичинде жок дегенде Молдокенин Манасын чыгарып коёлу” деп бирөө чыкпаптыр. Узак жылдар академиянын тил, адабият институтун, анын Манас секторун башкарышкан ат-башылык агаларым, алардын бүгүн да министр, ректор болуп жүргөн балдары өздөрүнө айылдаш улуу агартуучуну унутуп койгонуна түк түшүнбөйм.

Алты-жети миллионго аттын башына эстелик койгон ат-башылык жайнаган байлардын кимиси болбосун биринчи агартуучуга бир чоң эстелик тургузгандан баш тартмак эмес. Базардын тилинен башкага кыйналып түшүнгөн көпөстөрдүн “ал ким эле?” деген суроосуна жооп берип отургусу келбеген намыскөй Нарынбек Өскөналиев деген тилчи мугалим эч кимге догурунбай эле 130 жылдыкты жеке өз күчү, жакындарынын жардамы менен тыпыйтып өткөрүп койду. Молдоке тууралуу китебин чыгарып, эки жума бою радио, телеберүүлөрдөн даңазалап турду. Өкмөттүн, облустун, райондун, башкалардын абийирин жапты.

Куран окулган соң, жыйынтыктоочу жыйын Ат-Башынын Казыбек айылындагы маданият үйүндө жакшы өттү. Бишкектен, көлдөн меймандар чакырылыптыр. Улуктар көрүнбөдү. Алар баары бир бирөөнүн жазганын окуп берип басып кетмек. Бул жолу беш-алты саат бою эл тарабай, кызык сөздөр айтылып, улуу фольклорчуну эскеришти.

Ошентип, 13-октябрда Акмолдо атабызга тайынып келели деп Бишкектен барган академиянын кол жазмалар бөлүмүнүн башчысы Мурат Мукасов, улуттук университеттин доценти Ишенбек Султаналиев, славян университетинин профессору Аттокур Жапанов, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Ысмайыл Кадыров, айыл чарба академиясынан тарыхчы Аман Турдахунов болуп айыл элинин ынтымагына, Нарынбектин намыскөйлүгүнө ыраазы болуп, молдокем сакайтмакчы болуп Алыкулду алып жүргөн жерлерди көрүп таазим кылып, бир чети эс алып кайттык. 


Катардагы карапайым мугалимдин саамалыгы башкаларга үлгү болсун деп Чеч-Дөбө менен Долондон честь берип турган Аалы Молдоканов, 19-октябрь, 2018-жыл

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер