Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук кардиологияны пульмонолог Талант Сооронбаев «сазга батырууда»

Улуттук кардиологияны пульмонолог Талант Сооронбаев «сазга батырууда»

07-август, 21:00
459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна Талант Сооронбаев бир жарым жыл мурун дайындалган эле. Бул аралыкта артка кетүү айкындала баштаган. Көрсө, мындай жорук Кыргызстанда гана орун алат экен. Талант Сооронбаев пульмонолог, кардиолог эмес. Тилекке каршы, аталган борборду жетектеп отурат. Мыкты врачтар бул келгенден бери тарап кетишти. Баштагы сыймыктана турган улуттук кардиологиянын кунары кетип, учурда кризистик абалга жакындаганы коңгуроо катары кагылууда. Бейтаптарга шарт түзүү, дарылоо ойдогудай эмес. Тийешелүү медициналык аппараттар, техникалар жетишсиз. Кесипкөй, мыкты кадрларды кармап кала алган жок. Айтор, «айта берсе арман көп» дегендей, алдыга карай өнүгө албай, ар тарабынан мукурап турат. Пульмонолог Талант Сооронбаев кандайча бул кызматка келип калды? Айрым маалыматтар боюнча, ал Акылбек Жапаровдун досу катары сыпатталып, ошонун таасири менен кесибине туура келбесе да улуттук кардиологияны «майкандап», сазга батырып аткан кербезиби? Өтө өкүнүчтүү. Ал эми саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова мындай көрүнүштөргө кайдыгер экени, эптеп эле өзү креслосунда балпайып отурса болдубу? Өнүкпөй калдык го? Ортодо эл гана кыйналууда... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер