Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Азыр мамлекетибиз тизелебей калды”
-- Акбөкөн Дүкенович, Акылбек Жапаровдун ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
-- Алладан башкасы жүз пайыз жакшы боло албайт. Экинчиси, жүз пайыз жакшы боло алган – бул биздин энелерибиз. Калганы жүз пайыз жакшы деп айта албайбыз. Себеби, сен жалгыз эмессиң. Команда менен баратканда бирөө аксайт, бирөө кашаң болот, артка тартат. Анан командаңда миңдеген адам болсо, бир жерден тайбаса бир жерден салыктагыларга окшоп сени подставить этип коёт. Акылбек Жапаров кызматка аябай кыйын учурда келди да. Команданы түзгөнгө салымы чоң. Команданы тейлеп, ар бири менен иштеп, ушундай жетишкендиктерге жетишүү да оңой эмес. Албетте, кээ бир кишилер кичине туура эмес иштерди кылып, Акылбек Жапаровдун атына жаман сөздөр тийип калды.
-- Анда Акылбек Үсөнбекович жанагы салык ишине байланыштуу кетти деп ойлойсузбу?
-- Менин оюмча, ооба. Эмне үчүн дегенде койгон адамдарын көзөмөлдөшү керек эле да. Мен “түздөн-түз күнөөсү бар, ошолор менен чогуу жүрдү” дегенден алысмын, бирок премьер-министр болгон соң көзөмөл жасашы керек да. Ал эми иштеген ишине “беш” деген баа берсе жарашат. Көрдүңөр го, базарлар “ККМди койбойбуз” деди. Мен 2000-жылдары депутат болуп келгенде эле ККМди коюуга аракет болгон. Бирок, коё алышпай, азыр коюлду. Албетте, мамлекет такыр эле бутка туруп чуркап бараткан жок, бирок тизелебей калдык го...
"Азия Ньюс" гезити