Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргыз коому кайда баратканы белгисиз, туман, туңгуюк...”

“Кыргыз коому кайда баратканы белгисиз, туман, туңгуюк...”

11-август, 09:00
642 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргыз коому кайда баратат? Күнүгө үрөй учурган маалыматтарды окуп, кейиштүү көрүнүштөргө тушугабыз. Эки жаат болуп бөлүнгөндөр, араздашкандар андан көп. Алдамай, зулумдук көрсөткөндөр көнүмүшкө айланды. Айтор, маанай чөгөргөн окуялардан алыс боло албадык.   Мындайда жаратылыш кырсыктары, терс таасирлери да жок эмес. Чын эле айлана-чөйрөбүз өзгөрүп, булганып, кайсы туңгуюкка кетип баратабыз?

Ой толгоолорго орун берели.

Замир Кказакбаев, журналист:

-- Бүгүнкү коомдун курсагы ток болгону менен жандүйнө ачка. Башчыларыбыз бала бакча, мектеп салганы менен элге эч кандай багыт бере албай жатат. А элге жол көрсөтүү үчүн идеология керек. Мектеп, бала бакча салууга мээнин кереги жок. Ал эми идеология жүргүзүш үчүн мээ керек. 

Жийде Абдымаматова, журналист:

-- Кыргыз коому кайда баратканы белгисиз, туман, туңгуюк... Эл сыймыктанган акелердей калк кадырлаган инсандар тынч. Удургуп жаткандар карапайым эл. Ана, таластык жаш жигиттин өлүмү, маршруткада кармалган уурунун кайра элге бычак көтөрүп жатышы, зордукталып жаткан наристе кыз, балдар... Кымбатчылык бир жагынан кыйнап турат. Бизде эл жаны кашайып, ажого же Камчыбек Ташиевге кайрылганда эле таасир болуп калабы (?) дегендей пикир жаралууда. Коом эмне? Мында баардык чиновниги, карысы-жашы, интеллигенти, катардагы эли менен кыргыз коому дейбиз да. Албетте, табият да кырсыктап жатат, адам пенденин жоруктарына чыдабай кетти белем? Пейилди оңдобосок, коом оңолбойт. Берметтей көлүбүз да бизнестин куралына айланды. Мындай шартта туристтерди деле иренжитебиз. Скутер, теплоход дегендер жайнап, көл булганууда. Азыркы ажобузга да боор ооругудай бар. Эмне үчүн кол алдындагы күч органдары, прокурорлор, соттор элдин ишенимине ээ болбой калышты? Айтор, ойлоно турган жагыбыз көп.

Алтынбек Кыдыралиев, теле алпаруучу:

-- Мындай көрүнүштөр буга чейин деле болуп келген. Бирок кийинки күндөрү көп байкалгансып турат. Илгери адам баласы жокчулуктун азабын тартып келген болсо, азыр тескерисинче, барчылыктын азабын тартып, жашоодо адамды кызыктырчу эч нерсе калбай калгандай болуп, пейил кеткен, ниет тарыган заманга тушуктук. Жаратылышыбыз, тунук сууларыбыз мурдагы бойдон өз калыбында турат. “Жер жаман эмес эл жаман” деген сөз бар. Ошондой болуп жаратылыш дагы адамзатынын туура эмес кылган мамилесине, адамгерчилиги тайыган, жоопкерчилиги жок адамзатынын баскан-турганына кейиштүү карагандай. Адам баласы табигат менен таттуу мамиледе болушу керек да. Таттуу мамиледе боло албаганыбыз үчүн ушундай жагдайлар жаралып, жаратылыштан жазабызды алып жаткандайбыз. Кызуу кандуулук, көралбастык, сабырсыздык чоң роль ойноп баратат окшойт. Ошондуктан “сабырдын түбү сары алтын” дегендей, элибизге  сабырдуулукту каалайм. Кандайдыр бир иш жасаардабы, же адам менен болгон мамиледеби, сөзсүз түрдө сабырдуулук жана адамгерчилик биринчи орунда туруусу зарыл. 


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер