Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рустам Балтабаев: “Бизде контрабанда менен кирген азык-түлүктөр көп”

Рустам Балтабаев: “Бизде контрабанда менен кирген азык-түлүктөр көп”

21-август, 11:08
3 301 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Агрардык өнөр жай комплексинин жетекчиси менен маек.

-- Быйыл суунун жетишсиздигинен улам дыйкандардын алган түшүмдөрү өзүн актабай калды көрүнөт?

-- Ооба, ошондой болду. Биз буга байланыштуу өкмөткө дыйкандардын алган насыяларын узартуу тууралуу кайрылганбыз. Учурда фермерлерибиз кыйналып турушат. Биздин негизги максатыбыз – фермерлерге көмөк көрсөтүү.

-- Атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында эмне иштер аткарылып жатат?

-- Биздин өлкөдө 450 миңге жакын фермердик чарбалар бар экен. Бул абдан көп. Бирок, бизге чет өлкөлөрдөн кайсы бир продукцияга буюртма келгенде, аны толуктап берүүдө кыйынчылык жаралып калат. Ушул жана башка маселелерди чечүү үчүн ассоциация тарабынан окутуулар өтүп, жардам берилүүдө. Эгер өндүрүүчүлөрдүн продукциясы сапаттуу болсо, экспортко чыгууга чоң мүмкүнчүлүктөр ачылмак. Баарыбыз бир программанын алкагында иш алып барсак, ортомчуларга көз карандуулук да жоголмок.

-- Агрардык тармакты жөндөө боюнча кандай сунуштамаларды берет элеңиздер?

-- Бир эле мисал, фермерлер сууну иштетүү үчүн дагы лицензия алышы керек экен. Биз азыр өкмөткө ошол лицензиясыз суу пайдалануу тууралуу сунуш киргизип атабыз. Дыйкандар сууну тамчылатып сугаруу менен туура колдонсо, баарына жетмек. Бирок, бул маселе бүгүнкү күндө чечиле элек. Ал сууну биз колдонбогон менен жер астынан Казакстанга өтүп кетип атат. 

-- Дыйкандардын ишин артка тарткан көйгөйлөр көппү? Дегеним, жакында эле Египеттин картошкасын алып келүү боюнча да сүйлөшүүлөр болгону маалымдалбадыбы....

-- Туура, ошондой айтылды. Негизи ар бир өлкө биринчиден өзүнүн өндүрүшчүлөрүн колдоого алышы керек. Биз импортко көз каранды өлкө болсок да, айрым продукциялар менен өзүбүздү камсыздай алабыз. Ошон үчүн ушул сыяктуу иштерде мамлекет тараптан туура анализ кылынышы маанилүү. Импорт аз келгенсип, контрабанда менен кирген азык-түлүктөр көп. Алардын айынан жергиликтүүлөрдүн айрым өндүрүмдөрү өзүн-өзү актабай калган учурлар да кездешет. Бирок, пандемиядан улам бизде азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу чараларын көрүү керектиги ачыкталып калды. 

-- Сырттан келген продукциялардын баасы өзүбүздүкү менен бирдей, айрым кездерде андан да арзан болуп калышынын себептери бир эле контрабандадабы, же?..

-- Бизге келип аткан продукциялардын сапатына караш керек. Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр көп кирерин да көрүп жатабыз. Ушуга окшогон күмөн саноолор арбын. Ал эми жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн эмгегин эсептеп чыксак, алардын баасы да, сапаты да жакшы.

-- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине көп сындар айтылат. Сиздердин баамыңызда өзгөрүүлөр барбы?

-- Менин жеке көз карашымда, бүгүнкү күндө министрликте тажрыйбалуу команда топтолгон. Бирок, андагы иш системдүү болгондуктан, бир эле министрликтен көз каранды эмес. Биз алар менен тыгыз иштегендиктен, андагы алдыга жылууларды, өзгөрүүлөрдү көрүп атабыз.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер