Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Медет Садыркуловдун айтканы аткарылбай калган...”

Нуржигит Кадырбеков, ЖК депутаты: “Медет Садыркуловдун айтканы аткарылбай калган...”

11-декабрь, 09:00
589 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, сиз комитеттин жыйынында атайын программа боюнча Японияга окууга жөнөөр алдында барбай койгон мамлекеттик кызматкерлерди жазалоону сунуштадыңыз. Андай учурлар көп болобу?

-- Андай учурлар бар. Биз окуган учурда деле болгон, бирок алар эртерээк чечим кабыл алып, ордуна резервдеги башка талапкерлер кетишкен. Азыр болсо ак, же көк дебей, эртең учар алдында барбай коюшат экен. Бул үчүн алар эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Анын кесепетинен орун “күйүп” кетет. Бул үчүн япон өкмөтү канча акча бөлгөн? Ошондой болбошу үчүн эртерээк чечим кабыл алыш керек да. Дегеле “кимде-ким баргандан баш тартчу болсо, мынча суммада айып пул төлөйт, же административдик жоопко тартылат” деген атайын норма киргизүү зарыл. Норма киргизмейин мындай калпыстыктар боло берет. Келишимге кол коюлдубу, ал аткарылууга тийиш. Аткарта албасак, анда бул мамлекетибиздин алсыздыгынын белгиси да.

-- Биз билгенден Японияда окуп келгенден кийин талапкер үч жыл мамлекеттик кызматта иштеп берүүгө тийиш. Бул талапты аткарбай, башка ишке котурулуп кеткендер да болсо керек?

-- Мен андайларды билбейм, бирок келип иш таппай жүргөндөр болгон. Мисалы, мен кайра келген соң иш таппай калгам. Мен дипломатиялык кызматта иштегендиктен, “бошоо тууралуу арыз жазып кет” дешкенинен айла жок арыз жазып кеткем. Президенттин ошол кездеги администрация башчысы (маркум Медет Садыркулов эле) бизди өзү узатып, “келгениңерде карьералык өсүүңөр башкача болот” деген эле. Тилекке каршы, аткарылбай калган. Ошондуктан бул бир адамга байланган нерсе эмес, система болууга тийиш. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер