Бишкек менен Таласты “кармаган” мэр Абдыкадыровдун арааны
Соңку убакта таасири артып, президентке түз киргени менен мактанган Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров көөп кетти. Баштаган иштеринин дайыны жок, “талкалагыч” катары баратат. Бул жагын өзүнчө да сөз кылабыз. Кеп азыр башкада.
Тар чөйрөдө “Бишкекти, Таласты мен кармап турам...” деп мактанган мэр утурумдук бийлигине, акчасына таянуу менен дөөгүрсүп аткан чагы. “Эки шефке” жакканы менен эл кабыл албайт эмеспи. Убагында Бишкектен, Таластан да депутаттык шайлоого чыгып, канчалык миллиондорун чачса дагы коомчулук жуутпай, шайлоочулар добуш бербей коюшкан. Өмүр бою мандат үчүн күрөштү, бирок жете алган жок. Соңку жылдары гана кайып-каскагынан ээрге минип, олку-солку бараткан кербези.
Баса, дагы бир урунттуу учур. Илгери Зоотбек Кыдыралиевдин тилин таап, Майрам Акаеванын атын жамынып, Бишкектин вице-мэри болуп, өлөрчө байыган. 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин кылмыш иштери козголгону ырас. Будамайлап жатып, “берчүсүн берип”, кутулса керек. Ошентип, вице-мэрликтен чогултуп алган байлыгын бизнеске салып, кубулуп, мант берип келди. Табиятынан куу эмеспи.
Соңку кезде Талас облусунун жетекчилигине багыш уруусунан Нурлан Дардановду койдуруу үчүн биринчи Камчыбек Ташиевге киргизип, андан соң Садыр Жапаровду ынандырып, кадр саясатына аралашкан жайы бар. Көтөргөн губернатору “Кудайдан жөө качкан” жагынан өзүнө жетпесе да, былыктары менен жакындап барат. Ошентип, Эмилбек Абдыкадыров утурумдук жыргал заманда күн кечирүүдө. Эртең оор суракта калбайбы? Эстей жүрсө...