Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Эки жүздүү, коркок эркектер, эмнеге көбөйүп бара жатасыңар?
Эки жүздүү, коркок эркектер, эмнеге көбөйүп бара жатасыңар?
28-август, 18:30
922 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жалгыз бой энемин, бир кызым бар, үч жашта. Жолдошум менен айылдан баш кошуп, анан Бишкекке кеткенбиз. Төрөгөндөн кийин айылга келдим. Күйөөм “бир-эки ай апаңдын үйүндө болуп тур, мен кийин өзүм чакырам” деп айткан бойдон алып кеткен жок. Ошондон бери өзүмдүн айылымда, үйдө жүрөм. Телефондон кээде урушуп, кээде сүйлөшүп жүрчүбүз, жакында үйлөнүп алыптыр. Менин тагдырым менен ойногон бул адамга жаза барбы? Эмнеге башынан ачыгын айтпайт? Ушундай мажирөө, эки жүздүү, коркок эркектер, эмнеге көбөйүп бара жатасыңар?
Нурида
"Азия Ньюс" гезити