Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылчы Сарыбаев: “Биздин мамлекет саясый-экономикалык жактан банкрот болуп калган”

Айылчы Сарыбаев: “Биздин мамлекет саясый-экономикалык жактан банкрот болуп калган”

17-июль, 13:05
1 218 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айылчы агай, биз дале сырттан акча суроо менен эле алекпиз, экономикабыз улам алсырап чөгүп бара жаткандай. Сизге абал кандай  байкалууда?

-- Парламент тарай электе, бюджеттин жаңы долбоорун карап жатканда керексиз чыгымдарды, мамлекеттик штаттарды ээлеп отурган ашыкча адамдарды кыскартып, өзгөчө депутаттардын январь айынан берки маяналарын бюджетке которуп салуу керек болчу. Муну “бюджетти өзгөчө кырдаал мезгилинде секвестрлөө” дейт. Тилекке каршы, парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгү бюджеттин маанисин түшүнбөгөндүктөн, мындай жолго барышкан жок. Кээ бир журналистикадан барган сүйлөөк депутаттар ар бир жетекчиге асылып, проблемаларды чечкендин ордуна өкмөттү кетиришти. Бул согуш мезгилинде баардык колбашчыларды кубалап, өздөрү душманга колтук ачкан чыккынчылык менен барабар. Дүйнөдөгү эң жексур көрүнүш бул – чыккынчылык деп эсептелет. Биз азыр кайсы депутат кайсы партиядан келгенин, аны ким жана эмне үчүн алып келгенин түшүнбөй калдык. Эптеп парламенттин эшигин аттагандан кийин колдоочусун да, кожосун да сөгүп, жамандап, өзүн эр көрсөтүү адатка айланды. Артында “кийинки шайлоого ушинтип партиямды да, жетекчимди да сатып, чынчыл көрүнүмүш этип, кайра келем” деген арам ой жатканы ачык көрүнүп турат. Буларга экономика, бюджет, кризис, коронавирус – баары тең бирдей болуп көрүнүп калган. Жыйынтыгында, “эч кандай бюджетти кыскартпай эле, көрүнгөндөн карызга сурап, проблема чечебиз деген чечим кабыл алынды. 

 Ушундай адамдардан турган парламент, алар курган өкмөт түзүмүнөн улам мамлекеттүүлүк бизде болгон эмес экени көрүнүп калды. Ал эми Фейсбукта жалаң каргап-шилөө, бири-биринин өлүмүн тилөө кадыресе көрүнүш болуп, жаштарыбыз деградация болгону өтө кейиштүү.

Демократиялык өлкө курабыз деп жатып, башкарууга мүмкүн болбогон анархияга айланып калдык. Мамлекет деген бул – элден өтүнүп сурануу, билимсиз жана тарбиясы жок жаштар катары өздөрүн эл катары көрсөткөн ар кандай типтерден коркуп, кескин чараларды көрбөө эмес. Тескерисинче, азыркыдай өзгөчө кырдаал мезгилинде баардык көйгөйлөрдү тезинен чечүү жана  туура башкаруу. 

-- Мамлекет башына келгенден кийин, өкмөт болгондон соң аны башкаруу үчүн келет да... Деги бизде кандай?

-- Ооба, мамлекет башына башкарып, көйгөлөрдү чечип, өлкөнү оңдоо үчүн келет. Алар көйгөй жараткан адамдарды жоготуулары керек. Бизде болсо жалаң эле суранабыз, өтүнөбүз... Айтор, жалаң суранмай, өтүнмөй болуп калды. Баары тең эле дипломат болуп алышкан. Эч кимге жаман көрүнгүсү келишпейт. Инкубатордун балапандарындай эле даяр оокатка гана көнүп калышкан. Өздөрү иштеп көйгөй чечип, жоопкерчиликти мойнуна ала билген жетекчилер аз. Тескерисинче, элден акча сурап, акча үмтөтүп, элден пара алып көнүп калышкан. Психологиялары өндүрүүчүлөр, күрөшүүчүлөр жана башкаруучулар эмес. Алдап-соолап күн көрүп көнүп калышкан. 

Кыргыздарга бүтүндөй дүйнө жүзү жардам бериш керек. Себеби, баары тең кыргыздарга милдеттүү. Ушундай психология бар. Мындай психологияны убагында АКШнын үчүнчү президенти Джеферсон негрлер жөнүндө жазган. Анын пикири боюнча: “Негрлер кененирээк жана терең ой жүгүртүүгө жөндөмсүз. Булар өмүр бою бирөөлөрдүн башкаруусуна көнүп калган. Ошондуктан алардын баарын кайра Африкага жеткирип салыш керек. Болбосо, кийин булар АКШ үчүн чоң проблема болот” деген. Бүгүнкү күнү АКШда Джеферсондун айтканы келип жатат. 

Анүстүнө союз убагынан бери “мени мамлекет окутат, жумуш менен камсыз кылат, пенсия, пособие берет, ошон үчүн мамлекет мен үчүн камкордук көрүшү керек” деген пикир калыптанып калган. Кыргыздар өмүрүндө эч качан мамлекет болуп көргөн эмес. Биздин эгемендүүлүгүбүз – Борис Ельциндин “подаркасы”. Ал “подарканы” да жөндөп улап алып кете албай жатабыз. Өзүнчө мамлекетти жылдырып кетүү, өнүктүрүү, өндүрүштөрдү жандандыруу психологиясы жок. Мына бүгүнкү экономика. 

-- Мындай акыбалыбыздан соң экономика тууралуу сөз козгоо да оор го?..

-- Экономика деген жок. Ар ким жанталашып өз оокатын кылмай. Коюн, уюн багып, эптеп оокат кылып жатышат. Экономиканы түшүнүш үчүн ИДПнын структурасын караш керек. “Биздин ИДП өндүрүүчүбү же ичип-жегенге ыктаганбы?” деген суроого жооп бериш керек. Биздики негизинен керектөөчү экономика. Ошондуктан парламент дагы карызды мындан да көбөйтүп, гранттарды көбүрөөк алыш керек (!) деп чечишти. Бирок биздин мамлекет небак эле эл аралык ишенимден кетип, саясый жана экономикалык жактан банкрот болуп калган. Орустарды сөгүп атып, азыр алар кырын салып калышты. Кытайларды сабап атып, алар Өзбекстан менен Тажикстанга качып кетишти. Казак эле казак деп атып, алар деле көңүлү калганы көрүнүп калды. Айлалары кеткенде өзүбүздүн өкмөттү өздөрү шайлап алып, өздөрү сөгүп, “камалсын эле камалсын деп калышты. Ушундай шартта ким чын ниети менен иштеп берсин? Өлкө кантип өнүксүн?..

Мындай кайдыгерлик өзгөчө мурдагы премьер-министрлерди жөнү жок камап, кесип жибергенден кийин пайда болду жана күчөдү. Азыр эч бир мамлекеттик кызматкер жоопкерчилик алып, проблема чечип бербейт. Баары тең “эртеңки күнүбүз ушундай болуп калбасын” деп коркушат. Ошондуктан “жардамга келген карыз акчаларды медицинага жумшагандан көрө, элдин саламаттыгына кам көргөндөн көрө, өзүбүздүн айлык акыга, отпускнойго жумшайлы. Калган-катканын шайлоого” деп бөлүп коюшту. 

“Чет өлкөдөн карыз суроону токтотуш керек” деп мурда эле айткам. Болбой эле суранып жатышат. Бүгүнкү күндө вице-премьер: “Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бизге жардам бербей койду” деп чыкты. Мына, вице-премьердин жеткен акылы. Демек, мен жогоруда айткандай, ар кайсы өлкөлөрдөн даяр дарылар келип турушу шарт экен. Биздин чоңдор маселе чечпей эле, болгону ошол келип жаткан жардамдарды көзөмөлдөп, анан бөлүштүрүп туруулары керекпи?.. 

Азыр согушка каршы күрөшкөндөй эле жалпыбыз коронавируска материалдык, финансылык, интеллектуалдык ресурсту жумшашыбыз керек болчу. А бизде керек эле деп доклад окуп, жарды элден жардам суранмай. Мунун эң негизги себепкерлери парламент, өкмөт жана президент. Сот, УКМКнын баары президенттин куралы. Эч ким эч нерсе чечпейт. Чечсе камаларын билет. Ошон үчүн аңырайып карап отурушат. Көйгөйлөрдү азыр чечпегенде качан чечишет? Же социалдык тармактагы жөөлүгөндөрдөн коркуп отура беришеби? Эгерде элибиз ушул апааттан аман-эсен чыкса, экономика да болот, карыздан да кутулабыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер