Курманкул Зулушев, ЖК депутаты: “2002-жылы тергөөчү кезимде депутаттыкка аттангам”
-- Курманкул Токторалыевич, эң оболу элүү жаш кутман курагыңыз кут болсун! Ушу бүгүн ашуунун белинде туруп, алдыга койгон максаттарды канчалык деңгээлде ишке ашыра алдым деп ойлойсуз?
-- Адам болгондон кийин көп максаттары, үмүт-тилектери болот. Ага жетүү үчүн көп аракет, эмгек, анан ден соолук керек. Кудайдан ошону тилейм. Негизинен, Кудайга шүгүр, турмуш, жумуш ойдогудай эле болуп келатат. Өйдө-ылдыйлар да бар, бирок, аягында ийгилик менен чечилип жатат баардыгы.
-- Сиз өзүңүз юристсиз, көп жыл прокуратура, сот тармагында иштедиңиз. Депутат болом деп ойлодуңуз беле?
-- Ойлогом. 2002-жылы парламенттик шайлоого катышкам. Ал кезде Кочкор райпрокуратурасында тергөөчү элем. Бирок, каттоодон өткөрбөй коюшуп, кайра кеткем.
-- Кийинки шайлоого да катышайын деген оюңуз барбы?
-- Азырынча айтканга эрте го. Шайлоо жакындай берсинчи, көрөбүз да...
"Азия Ньюс" гезити