Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүленчи Алмаз Бейшеналиевден жакшылык күтүүгө болобу?

Гүленчи Алмаз Бейшеналиевден жакшылык күтүүгө болобу?

23-октябрь, 09:03
781 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы дайындалган билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев тууралуу ар түрдүү пикир айтылып жатат. Журналист Бекбол Айдаров аны “белгисиз илимпоз” деп атаган. Дипломат Бакыт Аркарбаев “Садыр Жапаров чоң жаңылыштык кетирди, эл аралык мамиле бузулат” деп тынчсызданганын билдирген.  Публицист, дипломат Кубан Мамбеталиев жаңы министрди коргоп жазды. Ооба, министрдин колунда “илимпоз” деген документи бар, бирок ал жакшы окумуштуубу же жаман окумуштуубу – бул башка маселе. Кубан Мамбеталиевдин мактоосуна арзыган киши жок дегенде жоон орто болот чыгар... 

Бирок, ишеним көрсөтүлгөн министр А.Бейшеналиев гүленчилердин “Себат” мектебинин бүтүрүүчүсү, алардын Ала Тоо – Ататүрк университетинин проректору болуп иштеген. Бул боюнча дипломат Бакыт Аркарбаевдин айткандары туура. Анткени, гүленчилер Түркияда мамлекеттин ичинде “мамлекет” курушкан. Алар күчтөнүп, 2016-жылы төңкөрүш уюштурууга барышканын кайда жашырабыз? Мындай “көтөрүлүү” аракеттери алдыртан билинип, орустар маалыматты түрктөргө беришкен, ошол себептен ал ишке ашпай калган. Гүленчи Мерт Алтынташ Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго Анкарада кол салып, атып өлтүрүп, ишке ашпай калган козголоң үчүн өч алган. Ушул себептен Режеп Тайып Эрдоган Фетхуллах Гүлендин Түркиядагы, Россиядагы, Азербайжандагы, Түркмөнстандагы, Африкадагы лицейлерин, университеттерин жаап, Кыргызстандагы жабылбагандарын “террордук уюмдар” деп жарыялап, ага тийешеси бар кишилердин баардыгын кара тизмеге киргизген, алардын арасында Алмаз Бейшеналиев да үй-бүлөсү менен бар экени жалганбы? Ошол себептен, Кыргызстандын билим берүү системасынын башында гүленчи тургандыктан, мындан ары Түркия биз менен билим берүү жана илим тармагында кызматташуусун токтотот көрүнөт... 

Гүленчи, “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүнөн, ячейкаларынан миллиондогон акча, кырк кен байлыктын лицензиясы чыгып, анын ашынган алкы бузук коррупционер экенин ашкерелеген. Жемкор Дүйшөнбек Зилалиев да Түркияда гүленчилердин уюгу болгон полиция академиясынын бүтүрүүчүсү катары таалим-тарбиясын алган. Бири-бири менен чырмалышкан бул “мусулман массондору” деп сыпатталып жүргөн гүленчилердин өкүлү Дүйшөнбек Зилалиев алардын ким экенин жакшы көрсөттү. Эми министр Алмаз Бейшеналиев эмнелерди көрсөтөт болду экен?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер