Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Борбор калаанын акимиаттары курултайга даярдык көрүүдө

Борбор калаанын акимиаттары курултайга даярдык көрүүдө

10-октябрь, 18:58
351 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, даярдык иштери президенттин 2022-жылдын 15-августундагы №284 "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгынын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 15-сентябрдагы №44 "Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө. "Иш-чаралардын планы түзүлүп, курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилди. Белгилей кетсек, биринчи элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйынында иш-чаранын датасы 2022-жылдын 5-ноябрына белгилөө чечими кабыл алынган, ага байланыштуу жергиликтүү курултайлар республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Ал эки этапта өтүшү керек: адегенде жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат, андан кийин ыйгарым укуктуу делегаттардын катышуусунда элдик курултай өткөрүлөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер