Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Жаназа окулду". Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери токтотулду

"Жаназа окулду". Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери токтотулду

15-август, 16:49
830 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп изделип жаткан 4 жашар Аишага жаназа окулду. Бул тууралуу анын атасына байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымына караганда, кызга жаназа 12-августта окулган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери 24 күнгө созулганына байланыштуу токтотулду.

"Куткаруучулар жана суучулдар издөө иштеринин бардык мезгилинде нормадан ашык иштегенин белгилейбиз. Издөө иштери саат 5:00дөн 21:00гө чейин жүргүзүлгөн. Суучулдар 20 метрден ашык тереңдикке чейин кирип, көлдүн бетинде жана жээгинде издөө иштери жүргүзүлдү, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок", - деп айтылат маалыматта.

Издөө иштерин токтотуу чечими куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде кабыл алынган. Анда чөгүп кеткендерди издөөгө 20 күндүк мөөнөт каралганы айтылат.

Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер