Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кийинки ажо түрмөгө отуруп чыккан саясатчы болобу? (Экстрасенстин пикири)

Кийинки ажо түрмөгө отуруп чыккан саясатчы болобу? (Экстрасенстин пикири)

23-декабрь, 21:45
1 304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз коомчулугу өзгөрүүнү, өнүгүүнү күтүп аткан чакта ар кандай жоромолдорго баш оорутуу реалдуу көрүнүш. Себеби, токтоп тура бербей, аккың келет да. Тазалануу, алдыга жылуу акыры болуш керек эмеспи.

Биздин кабарчы кокусунан Бишкектин кичи райондорунун биринде жашаган көзачык аялга жолугуп, карта ачтырууга батынды, натыйжада, саясый кырдаал жана өлкөнүн келечегин сурап, кийинки президент ким болоруна кызыкты. (Экстрансенс айым аты-жөнүн жазбоону суранды, биз шерттешип, анын айткан азыноолак пикирин жарыялоону чечтик.)


-- Өлкөбүздөгү саясый кырдаал кандай нукта өнүгөт? Ушул жагынан чечмелөөгө аракет кылсак?..

-- Кыргызстанда саясый араздашуулар мындан ары да курчуйт. Аймактык жана диний бөлүнүүлөрдүн коркунучу көрүнүүдө. Элибиздин көпчүлүгү бийликке нааразы боло берет. Чечкиндүү аракеттер азырынча көрүнгөн жок. Түрмөгө камалган саясатчылар кара энергетиканы коомчулукка таратууда. Алар саясый өңүттөн активдеше башташат. Андан сырткары да элди козгогонго таасирдүү күчтөр иштеп жатышат...

-- Жаз айлары тынч өтөбү, же?..

-- Толпа көрүнүүдө. Башкасын айта албайм...

-- Жазга чейин белгилүү адамдар камалабы?

-- Камалышат. Бирок, мындай жол абалды жумшартпайт. Түрмөлөрдөгү кара энергетика, муң-зарлар аябай чыңалууну көрсөтүүдө. Жумшартуу керек. Көп жылдан бери мунапыс да боло элек экен...

-- Бийликте кандай кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

-- Азырынча болбойт. Жазга жакын чоң креслодо отурган бир топ чиновниктер алмашат. 

-- Кыштан жеңил эле чыгабызбы?

-- Кырсыктар көп болот. Катуу суук алдыда. Топтошкон адамдардын нааразычылыгы улана берет. Жазында чек арадан элдин чогулганын, каршылашууларды көрүп атам... 

-- Дагы?

-- Катуу шамал болот... 

-- Кыргызстанга кийинки президент катары ким келет?

-- Аты-жөнүн так айтууга биздин илим жетпейт. Бирок, жакындаштырып, болжолдуу картинаны түзө алабыз. Регионалдык бөлүнүп-жарылуулардан соң, ар кандай топтордун биргелешүүсү, колдоосу менен саясатта көп жылдардан бери жүргөн адам алдыга чыгат. Элдин жарым-жартылайы гана колдойт. Кийинки президент кыйынчылыктарды көп көргөн, түрмөгө отурган, кыял-жоругу туруктуу эмес, бирок, чечкиндүү кадамдарды тез кабыл алган, элдин маанайына алдыртан саресеп салган, ошого жараша жаңылыктарды жасаган лидер болот. Юридикалык билимге ээ. Көп адамдарды түрмөдөн чыгарат, саясатчыларды дагы... Аял кишилерди көбүрөөк жогорку кызматтарга кое баштайт. Анын оппоненттери өлкөдөн качат, саясый күрөштөр кызымакчы... Сырттан кирчү чоң өлчөмдөгү акча булагы көрүнүүдө. Жалпы жашоо оңолууга бет алат. Туризм, өндүрүш тармагы өнүгүп, заводдор салынат, казына кирешесине таңгалабыз. Ал президент кезинде коңшу бир мамлекет менен катуу тиреш жаралат, бүт дүйнө көңүл бурат...

(Уландысы бар)

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер