Акыркы кабарлар
14:12
» Коом » Жалал-Абаддагы мектептен өрт чыкты
Жалал-Абаддагы мектептен өрт чыкты
28-ноябрь, 10:33


Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Жой-Белент айылындагы мектепте өрт чыкты.
Маалыматка караганда, өрт А.Жуманазаров атындагы орто мектебинин № 2 корпусунда чыккан.
Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын 80 чарчы метр ички жасалгасы, 10 парта, 20 стол, 2 шкаф, 1 доска, эшик жана терезелер күйүп кетти.
Учурда өрттүн эмне себептен чыкканы иликтенүүдө.
Aryba.kg











