Руслан Казакбаевдин жигердүү жүргүзгөн тышкы саясаты
Кыргызстандын көп векторлуу эл аралык саясаты министр Руслан Казакбаевдин ишбилги жетекчилиги астында ургаалдуу жүргүзүлүл жатат. Европа өлкөлөрү менен мамилелер бекемделип, Венгрияда, Италияда Кыргызстандын элчиликтери ачылды. Эшиктеш кошуна Кытай түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун кыйын участокторундагы көпүрөлөрдү салып берип, ачылышы болду, стратегиялык өнөктөш Россиядан татар делегециясы келип, соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык дагы башка тармактарда жардам берели (!) деп бир топ келишимдерге кол коюлду.
Жакында болуп өтүп, он бештен ашык келишимдерге кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекте ачуу демилгеси Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн. Стамбулда болуп өткөн бул эл аралык иш-чарада президент Садыр Жапаровдун Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түркиянын президенттери менен жолугушуусу уюштурулуп, экономикалык, каржы, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ошондой эле Түндүк экономикалык кызматташуунун үчүнчү эл аралык форумуна президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, текстиль, жашыл экономика, энергетика, санариптештирүү, айыл чарбасы, гидроэнергетика жаатында инвестиция кылууга Түштүк Корея банктарын, бизнесмендерин чакырган.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин жигердүү жүргүзүп жаткан тышкы саясатынын аркасында Кыргызстандын аброю көтөрүлүп, эл аралык аренада позициясы бекемделүудө.
"Азия Ньюс" гезити