Бишкектеги абанын булганышы: Ош базарынын жаны түтүнгө толгон
Учурда Бишкек шаарындагы абанын булганышы, борбордун үстүн каптап турган кара түтүн коомчулукта бир топ талкуу жаратууда.
“МурГрин” экологиялык кыймылы Бишкек шаарындагы абанын азыркы абалын текшерүү үчүн атайын жабдыктарды орнотушкан. Анын жыйынтыгында абанын канчалык денгээлде таза жана булганганын билүүгө болот.
Борбордогу абанын булганганы бүгүн 25-декабрда 8.30 да Ош базарына жакын жайгашкан жерде кескин жогорулаганын байкашкан.
Андан кийинкиси Москва-Үмөталиев көчөсүндө да абанын булганышы жогору болгон.
Восток-5 кичирайону да негизги көрсөткүч жогору катталган.
Бишкектеги кичи райондордо абанын булганышы анчалык жогору болгон эмес.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси атайын датчик орноштурганы белгилүү, анда борбордогу абанын канчалык таза жана канчалык булганганы саат сайын көрсөтүп турат.
Эскерте кетсек, интернет колдонуучулар буга чейин Бишкектин үстүндөгү кара түтүн тууралуу бир нече видеолорду тартып, коомчулукта талкууга түшкөн эле. Ал эми Кыргызстандагы экологдор да Бишкектеги абанын булганышы жогорку деңгээлде экенин айтышкан.
Aryba.kg