Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элкинбек АШИРБАЕВ, Чүй облусунун губернаторунун орун басары: “Калкты көмүр менен камсыз кылуу жагынан көйгөй жаралбайт”

Элкинбек АШИРБАЕВ, Чүй облусунун губернаторунун орун басары: “Калкты көмүр менен камсыз кылуу жагынан көйгөй жаралбайт”

05-ноябрь, 11:23
879 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Элкинбек Токтогонович, облуста кышка карата даярдык кандай?

-Бүгүнкү күндө бизде 324 мектеп, 252 бала бакча болсо, алардын 98 пайызы   көмүр менен камсыз болду. Андан тышкары, саламаттык сактоо, маданият  мекемелери да толугу менен камсыздалды. Баардык мекемелерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ал эми калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча айтсам, бизге жалпы 318 миң тонна керектелет. Баардык райондордо көмүр кампалары ачылган. Учурда 65 пайыз эл көмүр алышты. Андыктан, көмүр менен камсыздоодо эч кандай көйгөй жаралбайт. 

-- Көмүрдүн баасы канчадан болууда?

-- 3800 сомдон 5000 сомго чейин болуп жатат. Бул жол киресин кошкондо. Аба ырайы өзгөрүшү менен баа бир аз көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Бирок, атаандашуунун негизинде бааны кармап турганга мүмкүнчүлүк болот. 

-- Быйыл Чүйдө буудайдын түшүмү кандай болду? Себеби, акыркы күндөрү “ун кымбаттайт экен” деп ажиотаж болууда. 

-- Буудайдын түшүмү жылдагыдай эле деңгээлде. Бирок, биз өзүбүздүн түшүм менен элди толук кандуу камсыз кыла албайбыз. Кандайдыр бир бөлүгүн Казакстандан алабыз. Азыр райондорго бөлүнгөн квота боюнча мамлекеттик резервди толтуруу жагынан иштер жүрүп жатат. Албетте, рынок болгондон кийин кээ бирөөлөр чайкоочулук жолу менен бааны көтөрүшү мүмкүн. Бирок, монополияга каршы күрөшүү боюнча комитет менен бирдикте ага бөгөт коюу боюнча да иш-аракеттерди жүргүзөбүз. 


Керим МУРАС

"Азия Ньюс" гезити 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер