Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Володинден жеме уккан Мамытовду Путин кабыл албай коюптур

Володинден жеме уккан Мамытовду Путин кабыл албай коюптур

10-декабрь, 15:04
5 850 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алгач Россияга барганда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кесиптеши Лавровдон кагуу жеп, “өз үйүңөрдө жүрөсүңөрбү?” дегендей кеп уккан. Себеби, журналист экөөнүн жолугушуусунда тыңсынып, кыргызча суроо бергени үчүн басмырланган эле. Андан соң президенттин милдетин аткаруучуга кеңешчи боло калган Чыңгыз Айдарбеков Москвага жөнөп, сагалап жүрүп, бирок аны эч ким кабыл албай коёт. Жакында Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин шектүү курамы Россия Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, дагы уят болушту. “Силер АКШ, Европаны карайсыңар, бирок башыңарга мүшкүл түшкөндө Россиядан жардам сурайсыңар...” деген мааниде кыкеңдерди каарып өттү. Чындыгында, Талант Мамытов легитимдүүлүгү шектүү төрага, мындай болгон соң президенттин милдетин кантип аркаламак эле? Россияга коштоп баргандардан Алтынбек Сулаймановдон башкасы жүрөк жылытпайт. Гүлшат Асылбаева, Айсулуу Мамашова коммерсанттар болсо, Өмүрбек Бакиров айтылуу Алманбет Анапияевдин өкүл баласы. Айтор, ушул сыяктуу күмөндүүлөр Жокорку Кеңештин курамына жармашып алышып, Володиндин астында билмексен болуп отурушса, анан жарытылуу сөз угушмак беле? А баса, Мамытовду иш жүзүндө Путин кабыл албай койгону айтылды. Кыскасы, кечээ дүйнөгө аты чыккан бабалардын мурасын учурдагы булганган “чимкириктер” жер менен жексен кылгандай болушту... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер