Жаркылдаган Мыскал ачык мүнөзү, зиректиги, аруулугу менен арбап алды


(Актриса Мыскал Майрамбек кызына!)
“Агай” сериалындагы жаркылдаган, жол тапкыч, элеттик Айгүл аттуу каарманга көзүм түшүп калган. Ошондон улам бул тасманы такай көрчү болдум. Анан көп өтпөй чыныгы жашоодогу актриса кыздын маеги чыкты. Огобетер жылуу сезилди. Мыскал Кочкордун кызы болсо да, заманбап, билимдүү, зирек экени байкалды. Ютубдагы маектешүүсүндө жүрөгүнүн ээси жок экенин билдирип, кайраттуу, күрөшчүл кыз катары өзүн айтып отурду. Ачык мүнөз, шар, ичине кир сактабаган сапаттарын байкадым. Жашы 27де болсо да, секелек кыздай, жайдар мүнөз, аруу тазалыгы менен арбап алды. “Сокур” мырзалар буга чейин көрбөй келсе керек. Ырас болуптур! Балким мен үчүн сакталып калганбы? Айтор, ичим уйгу-туйгу. Чындап кызыгуум ойгонду. Өзүмдүн жайыма келсем, али 40ка чыга элекмин. Бир жогорку окуу жайда иштейм. Чүйлүкмүн. Келечек турмушту тандоого аракет кылабыз, бирок тагдыр ар кандай жолго саларын ойлобойт экенсиң... Бирок жашоом Кудайга шүгүр. Баары жетиштүү. Бир гана Мыскалдай жүрөк отун күйгүзчү түгөй таба албай, бир топ жылдан бери күтүү менен жашап келдим. Эми терең ойго бата баштадым. “Мыскал менен таанышуу керек” дейм. Чын эле, убакыт келди. Жакында телефон номерин таап, байланышам. Чочуп кетпеши үчүн алдын ала кат жазып койдум...
Талгат
"Азия Ньюс" гезити











