Соттун чечиминин негизинде 340000 сомдук айып пул салынды
Жазык аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринде жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация Департаментинин кызматтык адамдары бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө бербөөсү жана толук эмес маалыматтар менен берилгендиги боюнча текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 438-беренеси, атап айтканда Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербөөсү же талаптагыдай эмес берүүсү боюнча жалпысынан 75 кызматтык адамына протоколдор түзүлүп, тийиштүү текшерүү материалдар менен соттун кароосуна жиберилип, жалпысынан аталган кызматкерлерге карата соттун чечиминин негизинде 340000 сомдук айып пул салынды.