Сени кайда күткөнү маңыздуу эмес: интернетте, үйдө, тозокто...
Жакында бир чындыкка көзүм жетти. Адамдын бүткүл өмүрү "күтүү" деген сөзгө батып кетет экен. Сен дайым бирдемени күтөсүң. “Кофем муздасын” деп күтөсүң. “Жаз келсе экен” деп күтөсүң. Жаңы жылды күтөсүң. “Жамгыр качан жаайт?” деп күтөсүң. Фейсбуктан кат күтөсүң. Анын коңгуроо чалганын күтөсүң... Мейли жашың отузда болсун, мейли алтымышта болсун, баары бир күтөсүң.
Кыркка келгенде аялыңдын жумуштан келгенин күтөсүң. Беш жашта “апам качан бала бакчадан алып кетээр экен” деп күтөсүң. Ошентип, күтүү менен өмүр өткөрөсүң. Айлыгыңды, кинонун аякталганын, аба ырайынын ачылганын, ашыкча салмактан арылууну, автобустун келгенин күтөсүң. Жүрөгүңдөгү үрөйдү “качан жеңем?” деп күтөсүң. Атаандашыңдын жеңилгенин күтөсүң. Күтөсүң, күтөсүң, күтөсүң...
Өмүрдөн сый күтөсүң. Кимдир бирөөдөн жылуу сөз күтөсүң. Бирөөнүн саткындыгын күтөсүң. Пиццанын келүүсүн күтөсүң. Жумуштун бүткөнүн күтөсүң. Дагы да күтүү, күтүү, күтүү...
Баары, баары күтөт. Полковник да кат күтөт. Ага эч ким жазбаса да күтөт.
Эң керемети – сени бирөөнүн күткөнү. Сенден бирдеме керек болгондуктан эмес, жөн гана сенин жер басып жүргөнүңө кубанып, сенин бар болгонуң үчүн күтөт. Сени кайда күткөнү маңыздуу эмес: интернетте, үйдө, тозокто... Сени күткөн адамдын бар болгону! Сени күткөн адамга жөнө, шашыл!
Кээде аларга жөн гана амандыгыңды билүү де жеткиликтүү. Сен анын жашоосунда, жүрөгүндө бар экениңе ыраазы болуп, жер басып жүргөнүңө каниет кыл.
"Азия Ньюс" гезити