Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анара Султангазиева: “Аткаминерлердин эки өпкөсү же башка асманы барбы?”

Анара Султангазиева: “Аткаминерлердин эки өпкөсү же башка асманы барбы?”

26-декабрь, 08:48
1 983 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар бир жылы кыш келери менен Бишкекте абанын булгануусу, кара түтүндүн каптоосу негизги көйгөйгө айланат. Буга эски унаалардын көптүгү, үйлөрдүн көмүр менен жылытылышы, акыркы жылдарда шаар ичинде көбөйө баштаган кабат үйлөрдүн туура эмес курулганынан шамалдын тосулуп калуусу сыяктуу бир канча себептер айтылып келет. «Жашыл энергия» коомдук фондунун жетекчиси Анара Султангазиевааба булганышынын себептерине токтолду. 

-- Анара айым, жакынкы жылдары абаны тазалоо боюнча жаңы иштер ишке ашчудайбы?

-- Азыркы учурда болушунча активисттер, адистер, ММК аркылуу айтып, какшап жатабыз. Жакында бир телеберүүдө экономика министрлигинин өкүлү “смогго эки эле жыл болбодубу?” дейт. Ушундай болорун биз мурда эле 4-5 жыл мурун эскерткенбиз. “Шаардын курулушун бузбагыла. Шаарга көңүл бөлгүлө, коомдук транспортторду жөнгө салгыла. Жаңы автобустарды алгыла” деп белгилегенбиз. “Газ менен жүрө турган автобус алдык. Дагы кыйратабыз, жыргатабыз” дешти эле. Эми жооп жок. Ал келе турган жаңы автобустар кайда? 

Эл ташыган маршруткалардын 90%ы дизель менен жүрөт. Ошол маршруткаларды шаар сыртына чыгарса эле мынча түтөбөйт элек да. Тротуарларды мэрия жакшылап оңдоп берсе, жөө басканы жөө басып, велосипед тепкени тээп, шаарга бир топ ыңгайлуулук түзүлмөк да. Бирок тротуарлардын тешиги, ойдуң-сойдуңдары көп, жол тайгак болсо ким жөө баскысы келсин? 

Изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын натыйжаларынын корутундуларын айтып эскертсек, “баарын кыйратабыз” дешет, акырында жыйынтык жок. Шылтоолору “каражат жок”. Биздин аткаминерлер үчүн каражат жок эмес көңүл жок, жоопкерчиликсиз! 

-- Балким жаңы бийлик келсе жылыш болуп калаар...

-- Чынын айтсам, жаңы бийликке үмүтүм чоң эле. Алар азыр шайлоо менен алек, түтүнгө көңүл бурган жок. “Аткаминерлердин эки өпкөсү барбы, же таза абасы барбы?” деген ойлор келбей койбойт. Булар эмне мынчалык кайдыгер? Акчанын баарын жеп алып эле мурдагы жаттаган “жасайбыз, кылганы жатабыз” деп эски ырларын созо беришет. Канча жылдан бери “бул иштер бүттү” деген жакшы сөздү укпайсың. 

Жылдарын жаңыртып алып эле беш жыл мурдагы пландарын окуп бергенден тажашпайт. Биз ырылдап-чырылдаганча жаз келет. Ошону менен кайра баарын унутта калтырабыз. 

-- Сиздердин коомдук фонд кайдан каржыланат?

-- Каржылаган деле гранттарды алган жерибиз жок. Биз пандемия убагында бир нече долбоор жазганбыз. Бирок Кыргызстанда саясый туруктуулук жок болгон үчүн, аткезчилик күчөгөндүгүнө байланыштуу экологиялык долбоорлордун баары коңшу мамлекеттерге ооп кеткен. Биздин мамлекетти жетектөөчү аткаминерлердин жоопкерсиздигинин азабын бейөкмөт уюмдар кыйла тартат. Өзүбүз каражат чогултуп “тегерек үстөлдөрдү” өткөрүп, чечимдерди жазып берип турабыз. Ошону окуп, ишке ашырууга да дармандары жетпейт. 

Биздин бейиштин жериндей болгон мамлекетти илгери А.Акаев айткандай,  Швейцария кылып гүлдөтүп жиберсе болмок. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер