Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балалуу болуп, “апа” деген сыйкырдуу сөздү уккум келет

Балалуу болуп, “апа” деген сыйкырдуу сөздү уккум келет

27-сентябрь, 02:02
1 761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашым отуздан өтүп барат... Мындан төрт жыл мурда турмушка чыккам. Туугандар тааныштырып, макул болуп, биз бактылуу үй-бүлө болгонбуз. Эки жылдай жашадык. Аны жакшы көрчүмүн. Бирок кош бойлуу боло албадым. Тагдыр экен, ажырашкандан кийин чындап сүйөрүмдү билдим. Башында ойлогом, “ансыз оңой эле жашап кетем” деп. Бирок ажырашканыбызга эки жыл болсо да, аны сагынып жүрөм. Күндөн күнгө сагынычым күчөп бараткандай. Ал болсо үйлөнүп, бир балалуу болуптур. Бул сөздү укканда мендеги сезимди сөз менен айтып бере албайм. Жаздыгым жашка чыланып, канча түндөрдү өткөрдүм... Кудайдан анын кайра кайтып келишин сурайм. “Бирок, тиги алган аялычы?.. Ал дагы аялзаты да” деп аны ойлойм. “Мейли, бактылуу болушсун” деп ичтен сызам. Мага да бакыт тилеп коюңуздарчы?.. Балалуу болуп, “апа” деген сыйкырдуу сөздү угайын.


Мунара 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер