Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мамбетжунус Абылов: “Атамбаев убагында Батукаевди жашыргандай болуп, бийлик күнөөкөр болот...”

Мамбетжунус Абылов: “Атамбаев убагында Батукаевди жашыргандай болуп, бийлик күнөөкөр болот...”

10-июль, 12:54
3 073 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мамбетжунус ага, “Кыргызстанда жоголду” делген кыргыз жарандыгы бар Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы Бишкектен жашыруун кармап кеткени айкын болду. Сиз Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген инсан катары айтыңызчы, бул окуя боордош кыргыз-түрк мамлекеттеринин карым-катнаштарын суутуп койбойбу?

-- Жообумду сиздин сурооңуздагы “мамлекет” деген сөздөн баштайын. Мамлекет деп биз өлкөнү белгилесек, түрктөр адамдын туулган айылын, так айтканда, “кичи мекенин” аташат. Ошондуктан биз бул баяныбызда мамлекет дебей, өлкө (!) деп атаганыбыз оң. Эми жоопко өтөйүн. Бул маселеде кыргыз бийлиги да, түрк бийлиги да бири-бирине болгон боордоштугун даңазалап, бири-биринин өтүнүчтөрүн жылуу маанайда колдош керек болчу. Тилекке каршы, андай болгон жок. Фето” деп аталган уюмдун Түркиядагы төңкөрүштүн уюштуручуусу экенин аныкталгандан кийин, анын таасирдүү мүчөлөрүн Түркия бийлиги камакка алууну бүгүнкү күнгө чейин улантууда. Ошолордун ичинде Орхан Инанды да бар деп Түркиянын бийлиги бизге бир топ жылдан бери кайрылып келе жатса да, Орхан Инанды Кыргызстанга жакшы кызмат кылып жатат” деген таризде биз аны түрктөргө бербей келатканбыз. Ошондуктан Орхандын кармалышы бүгүн эки ача пикир жаратып салды: “Же бул иш кыргыз бийлигинин макулдугу менен жасалды, же макулдугу жок жасалды деген. Кандай болгон күндө да, биздин бийлик күнөөлүү болгону турат. Себеби, бийлик макулдук берип алып, анысын бүгүн жашырып жатса, анда Атамбаев убагында Батукаевди жашыргандай болуп, бийлик күнөөкөр болот. Макулдугу жок жасалса, анда бийлик өзүнүн милдетин жана вазийпасын аткара албай, чабал иштеп жаткандыгы үчүн элге күнөөкөр катары кабылданат.

-- Садыр Жапаров бул ишке катыштыгы жогун айтып, “Орхан Инандыны издеп тапкыла!” деп күч органдарыбызга тапшырма бербеди беле? Кечээ болсо тышкы иштер министри Түркиянын биздеги элчисин чакырып, анын колуна Орхан Инандыны кыргыз жараны катары белгилеп, “аны бизге кайтаргыла” деп колуна нота карматты го? Бул деген Орхан Инандынын кармалышына кыргыз бийлигинин тийешеси жок дегенди билдирбейби?

-- Билдирбейт. Себеби, Атамбаев деле өзүнүн былыгын жабыш үчүн “Батукаевге тийешем жок” деп караманча калп айтып жүрбөдү беле? Бийлик ушундай кадамдарга бара берет. Орхан Инандыны мурда биздин бийлик кыргыз жаштарына билим берүүдө ийгиликтүү иш кылган инсан катары коргоп келсе, бүгүн аны кыргыз жараны катары “бизге кайтарып бергиле” дегенге өттү. Аталган ушул эки аргумент тең Орхан Инандыга эч пайда алып келбейт. Себеби, бизге жакшы кызмат кылган болсо да, “кылмышкер” деп шектелип жаткан Орхан Инандыны сурак берүүдөн калкалоого биздин эч укугубуз жок. Бул – биринчиси. Экинчиси, Орхан Инанды түрк жарандыгын сактап туруп, кыргыз жарандыгын алган адам. Ошондуктан түрк бийлиги Орхан Инандыны Түркияда туулган, Түркиянын жараны катары кармоого, суракка алууга, жазалоого толук укуктуу. Ошондуктан кыргыз бийлигинин Түркияга нота узатканы – Орханды Кыргызстандан издетимиш болгонундай эле көрүнүш, Кыргызстандын элин эле сооротконго жасаган жасалма аракети катары бааласа болот. Себеби, Орхан Инанды Кыргызстанда билим берүү системасында бир топ жылдан бери үзүрлүү эмгектенгендиктен, андан билим алып ылдыйкы, жогорку тепкичтерге көтөрүлгөн жаштардын ата-энелери бүгүн Орхан Инандыны коргоого кызыкдар таасирлүү шайлоочулардын тобун түзүшөт. Ошондуктан “өйдө чыксаң өгүз өлөт, ылдый түшсөң араба сынат” деген абалга кабылды биздин бийлик. Эгер Орхан Инанды түрктөрдүн колуна кыргыз бийлигинин макулдугу менен түшкөн болсо, анда бүгүнкү башчылар элдин басымдуу тобунун колдоосунан ажырашы бышык. Эгер түрктөр биздин бийликтин макулдугу жок Орхан Инандыны кармап кеткен болсо, анда Атамбаев мезгилиндей болуп, Кыргызстан түрк бийлигинин колдоосунан дагы ажырайт. Ошондуктан Атамбаев учурунда анын макулдугу жок Орхан Инандыны кармап кетпеген түрктөр бүгүн деле кыргыз бийлигинин макулдугу жок аны кармап кетпейт болчу...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер