Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев саясый ката кетирдиби?

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев саясый ката кетирдиби?

01-ноябрь, 19:31
884 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык салтанатында улуттук филармонияда президент, Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган мамлекет жетекчилиги катышкан мааракеде тажиктердин кайдагы талаа командири Шох Искандарды чоң фигура көрүп, мамлекет башчылардын деңгээлине көтөрүп, ролун, ордун бийиктетип жатканы туура болбой калды. Өтө калпыстык, өкүнүчтүү!

Бул Шох жакында эле эки жолку Баткендеги чек ара согушунда Афганистандан моджахеддерди, эски тааныштарын алып келип, өзү баштап кыргыздын жерине куралы менен кирбеди беле? Анан бул кишинин сүрөтүн биздин залкарыбыз Чыңгыз Айтматов менен бир рамкага салып, элдин баарына жарыя кылып, филармонияга көргөзмөгө коюп жатканыбыз кандай?! Жээнбек Кулубаев министр катары 80 жылдыкта ушундай олуттуу ката кетирбей, карап коюшу керек эле.

Анысы аз келгенсип, Жээнбек Кулубаев ажо Садыр Жапаровду ээрчитип, ошол көргөзмөнү көрсөтүп жүрдү. Муну көргөн тажиктер, элчиси күлүшүп, “биздин баатырдын кыргыздардын улуттук филармониясында сүрөтү илинип, көргөзмөдө орун алып жүрөт” дейт го? Намыс болуш керек да. Шохтун жасоолдорунан запкы көргөн баткендиктер эмне дейт?.. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер