Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөң милицияда иштесе, аялдык каалооңо жете албайт экенсиң...
Күйөөң милицияда иштесе, аялдык каалооңо жете албайт экенсиң...
17-сентябрь, 04:13

Менин күйөөм милиция кызматкери. Көп убактысын сыртка бөлөт. Кээде үйгө эки-үч күндөп келбей да калат. Уйку-соонун ортосунда жашап калгандай. Жумушуна аябай берилгендиктен мага анчалык көңүл бөлбөйт. Аялдык каалоомо жете албай калганыма көп болду. Кээде эле эптеп-септеп “ишин бүтүрүп”, жумушуна кеткенге шашат. Жашоом кызыктуу деле эмес. Ажырашып кете албайм. Ортобузда бир балабыз бар. Отуздан жаңы ашкан кезде купуя жашооң ойдогудай болбосо ойлонот экенсиң. Башканы таап алууга кызыгам, бирок корком. Мендейлер көп болсо керек, өзгөчө милициянын жубайлары... Эмнегедир белгисиз көңүлдөшүмдү көп кыялдана берем...
Айназ
Aryba.kg