Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гемоглобиндин төмөн болушунун белгилери кандай? Аны кантип дарылоого болот?

Гемоглобиндин төмөн болушунун белгилери кандай? Аны кантип дарылоого болот?

06-декабрь, 17:04
1 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адамдын денесинде темирдин канчалык пайдалуу экенин айтып түгөтүү кыйын. Дал ушул элемент организмге кычкылтек жеткире турган гемоглобинди түзүү процесстерине катышат.

Бир күндө адам 10-30 мг темир колдонушу керек. Анын жетишсиздиги жана гемоглобиндин төмөн болушу иммундук системанын алсырашына алып келет. Адам тез чаалыгып, уйку басат, депрессия болот. Кабылдоосу төмөндөп, жумушту начар иштейт, окууну начар өздөштүрөт.

Темир жетишсиздиктин белгилери:

- теринин кубарышы;

- уйкунун бузулушу;

-  салмак боюнча маселенин келип чыгышы;

- жумуш иштөө жөндөмүнүн азаюусу;

- дем алуунун кыйындашы;

- тырмактардын сынгычтыгы;

- чачтын түшүүсү;

жашоого болгон умтулуунун начарлашы;

- маанайдын төмөндөшү.

Темирдин азайышына эмне себеп болот?

Кан жоготуу (операция, айыз келген учурда), онкология, жара оорулары. Катуу диета кармаган учурда, зыяндуу өндүрүштө иштегендерде, эт колдонбой вегетариан болгондо, кесипкөй спортчуларда жана албетте кош бойлуу аялда темир жетишсиз болгон кезде, тубаса темир жетишсиздик менен төрөлгөн балдарда гемоглобин аз болот.

Гемоглобин төмөн болгондо кандай тамактануу керек?

Рационду оңдоо менен темирдин жетишсиздигинин алдын алса жана аны калыбына келтирсе болот.

Темирге бай азык-түлүктөр: кызыл этбоор, пестицид себилбеген алмажумуртканын сарысы, анар, жаңгаккара карагаткара өрүкскумбриягорбуша. Тамак-ашты туура колдонуу, таза аба – бул оорунун алдын алат. Ден соолукта болуңуз!
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер