Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ташиевден бир гана Түмөнбаев коркпой, эмне деди?

Ташиевден бир гана Түмөнбаев коркпой, эмне деди?

17-октябрь, 20:06
682 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
9-октябрда ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев УКМКга суракка барып чыкты. Эмне тууралуу соболдор берилгени ачыкталган жок. “Камчыбек Көлбаевге топурак салганы үчүн чакырылды” деген божомолдор айтылды. Негизи кызык жагдай бар да. Камчыбек Ташиевдин душманы Өмүрбек Бакиров мандатынан ажырап атса, Акылбек Түмөнбаев катуу каршылык көрсөтүп, комиссия түзүүгө жан үрөгөн. Коллегасы үчүн эч жалтанбай болушуп, позициясына бекем турган эле. Анан көп өтпөй Көлбаев атылганда кайгырып, жаназасына барып, топурак салды. Бул көрүнүш да Ташиевге карата протесттик кадам экени, ачык сындабаса дагы кастарын тигип турганын байкатты. Мындан аркы кадамдары кандай болот? Президенттин кудасы катары эле кыр көрсөтүп келгенби, же өзүнүн ички духу, кайраты да барбы? Эгерде Түмөнбаев чындап эле Ташиевге каршылык көрсөтсө, камалып кетпейби? Негизи маселе курч мүнөзгө айланып баратат да, байкалып эле атпайбы. “Коркпойм, көрөбүз...” деген сөздөр бекер жерден айтылбайт го?  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер