Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артында чуулганы басылбаган Кашкар Жунушалиевди качанкыга чейин эркелетебиз?..

Артында чуулганы басылбаган Кашкар Жунушалиевди качанкыга чейин эркелетебиз?..

10-октябрь, 19:42
857 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМдин “ирип” кеткенин буга чейин эле жазып келгенбиз. Бул жолу бир жума аралыгындагы одоно эки факты катталды. Эгерде коомчулук реакция берип, нааразычылык курчуп кетпегенде аягы эмне болмок? 


Кордолгон өспүрүм кыздын тагдырына милиция кайдыгер 

Аз күн мурун 16 жаштагы кызды чырылдатып көшөгөгө сүйрөп кирип, качып чыкса да күчкө салуу менен мажбурлап, жансоогалап ыйласа да зордоп жоолук салып аткан тасма соцтармактарга тараган. Көп өтпөй окуя Таласта болгону айтылып, 35 жаштагы эргул аял кылып алмакчы болгону да маалымдалган. Көпчүлүк күбө болгондой эле тасмада жашы жете элек кыздын кордук көрүп атканы ашкереленип атса, бул боюнча кылмыш иши козголбой, ИИМ адаттагысындай эле “эч кимден арыз түшкөн жок” деп ийин куушурганы коомчулуктун кыжырын кайнатты. Дал ушундай көрүнүшкө ИИМ кайдыгер карап атса, анда мындай зордук-зомбулук өнөкөткө айланып кете турганы айдан ачык эмеспи. Тескерисинче, чырактай кыздын тагдырын тебелегендерди үйүр тобу менен жазалап, жалпы элге жарыялашса сабак болмок, мындай ыплас жоруктардын кайталанышы азаймак.

Түштөн кийин актанган ИИМге коомчулук түкүрдүбү?

Дагы бир таңгалычтуу жагдай, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен облусунун күч органдарына эки жолтандабасты белек кылып аткан видеосу, сүрөттөрү чыгып атса, ал жерде милициясы аралашып жүрсө, ИИМ кайрадан оозу-мурду кыйшайбастан, бул фактыны төгүнгө чыгарып атат. Албетте, интернет айдыңында кызуу талкуу жаралып, милицияга карата нааразычылык жаралбаганда, белекке келген эки жолтандасты алып эле коюшмак. Качан гана коомчулук жарылганда ИИМ актанып, айласы кетип калганына күбө болдук. Мына, ишенген ИИМдин жүзү! Коомчулук түкүрүнүп атат...

“Кашаң” Кашкардын каталары кат-кат. Кашайгырдыкы!

“Балык башынан сасыйт” демекчи, береги эки көрүнүштө тең министр Кашкар Жунушалиевдин иш билбеген “кашаңдыгы”, кайдыгерлиги, милициянын кадыр-баркын сыйлабастыгы айгинелендиби? ИИМде ай сайын, жума сайын мыйзамсыздык, коррупция, шалаакылык катталып атса, анан кайдагы коопсуздук сакталат эле? Эмне мынчалык системаны, элибизди мазактайбыз? Качанкыга чейин нааразычылыктар айтыла берет? Же Кашкар Жунушалиевден башка министр болчу кадр калбай калганбы? Үлгү боло албай калса да устун кылабызбыЭл баарын карап турат, чыдамы да түгөнүп баратат. Артында чуулганы, чыр-чатагы басылбаган министрди “бордоп байлаган” сымал эркелетип отура беребизби? Кашайгырдыкы!

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер