Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Бүгүнкү күндө саясатчыларга, активисттерге карата элдин ишеними жоголду”

Кеңешбек Айтикеев, серепчи: “Бүгүнкү күндө саясатчыларга, активисттерге карата элдин ишеними жоголду”

13-июль, 23:27
1 221 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саясатта, бизнесте, же кандайдыр бир коомдук иштерде болобу, мурда активдүү жүргөн көп эле адамдар беш жылдан бери жоголуп кетишти го? Бул куугун-сүргүндүн кесепетиби, тазалануубу?..

-- Жакшы суроо экен. Бул суроого бир жактуу жооп бериш кыйын, бирок бир нече кырынан карап жооп берсе болот. Ооба, саясатта, коомдук иштерде же бизнесте активдүү жүргөн адамдар беш жылдын ичинде көрүнбөй калышканы коомдогу ар кыл окуялардын таасиринен го? Себеби, бийликтин жүргүзүп жаткан ишине каршы ой-пикир айткан саясатчыларга, журналисттерге башкача мамиле жасалып, аларга көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы катуулады.

-- Ушундай кылгандары туурабы?

-- Бийликтин бул кадамдарын ар кандай бааласа болот. Биринчиден, мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү, экинчиден, өлкөдөгү тартипти орнотуу үчүн өтө катуу чараларга баруусу эң туура жол. Чындыгында бизде тартип болбой, бийлик да, эл да мыйзамдуу жолдон чыгып кетишкен. Мамлекетти башкаруу, мыйзамдуу жолго түшүрүү оор, ал үчүн мыйзамдуу да, мыйзамсыз катуу чаралар менен гана жөнгө салуу бүгүнкү күндүн талабы го деп эсептейм. 

Учурдагы биздин бийликтин жасап жаткан иштерин коомдо ар кандай баалап жатышат, көбүнчө элдин басымдуусу колдогондой. Ойго, түшкө кирбеген курулуштар, мыйзамсыз жол менен алынган объектилердин мамлекетке кайтарылышы көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгону эле эмнени билдирет? Түпкүрүндө саясатта, коомдо активдүү жүргөн адамдар коомдогу ордун жоготкондугунун белгиси го...

Ар бир нерсенин чеги бар, андан ашканда күчүн жоготот. Бүгүнкү күндө саясатчыларга, активисттерге болгон элдин ишеними жоголду, бийлик баскан кадамынан өздөрү таймайынча коомчулук төбөлдөрдү колдошуп, оппозицияны четке кагып тура берет. А качан гана бийлик аша чаап кетсе, ошондо эл саясатчыларды издеши мүмкүн.

Оппозициянын, бийликке каяша айткандардын коомдон сүрүлүп чыгышын куугунтук катары эсептөөгө болбойт. Анткени, бул бүгүнкү күндүн талабы, эл жаңы нерсени көрбөсө, ак-караны ажырата албайт, бул күрөш – тазалануу, келечекте туура жолду тандоого жол ачуу эмеспи.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер