Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тимур Саралаев элчиликти каралаган интригандардын жүзүн ачты

Тимур Саралаев элчиликти каралаган интригандардын жүзүн ачты

19-июль, 12:27
592 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жарандык активист Тимур Саралаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдунишин сындаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнө жооп иретинде кайрылуу жасады.

Анын айтымында, диаспора өкүлдөрүнүн негизсиз, аргументтерге дал келбеген дооматтары, айыптары жана интригалары нааразычылыктарды гана туудурбастан, коомчулукка ачык чыгарууга чейин жеткирди.   

“Жакында ЖМКларда Россиядагы “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин элчи Аликбек Жекшенкуловдун ишмердүүлүгү тууралуу жазган ачык катында менин дагы атым аталыптыр. Ошондуктан өзүмдүн пикиримди билдирип коюуну туура көрдүм” дедиСаралаев.

Анын айтымында, бул кат элчиликке 8-июнда келип түшкөн, 23-июнда элчиликтен түшүндүрүү жообун алышкан. Катты жазганАбдыганы Шакировжана Новосибирсктеги экс-консул Турдали Орозбаевэлчиликти кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу үчүн түзгөн тизме боюнча сындап, бул иште элчи объективдүү эмес, акыйкатсыз иш алып барып жатканын айтышты.

“Жаш муундардын өкүлү, өз өлкөмдүн патриоту жана Россияда жашаган биздин мекендештерди бириктирүүгө аракет кылып жаткан жаран катары жогоруда аталган аксакал коомдук ишмерлер менен айтышкандан мен кармандым. Бирок, алардын негизсиз, аргументсиз дооматтары, айыптары жана интригалары нааразычылыктарды гана туудурбастан, коомчулукта ачык айтууга чейин жеткирди” деди ал.

Анын айтуусунда, диаспоралык уюмдардын лидерлери жазган бул кайрылууга кол койгондордун көпчүлүгү элчилик менен мурдагыдай эле конструктивдүү кызматташып жатат, алардын арасында эч кандай карама-каршылык жок. Ал эми кээ бир бөлүгү катты көргөн да эмес: катта алардын аттары өздөрүнүн макулдугусуз кошулган. Айрым диаспора лидерлери муну өздөрү айтышкан.    

“Мындай интригалар Россиядагы кыргыз жарандары үчүн зыян гана келтирип жатат. Абдыганы Шакиров менен Турдали Орозбаев пандемия учурундагы оор убакта бир дагы пайда келтиришкен жок, керек болсо бир баштык азык-түлүк бере алышкан жок. Баардык кыйынчылыктарды адекваттуу лидерлер жана катардагы активисттер көтөрүп, күнү-түнү жөнөкөй мигранттарга жардам берип жүрүштү.

Алардын “нааразычылык” кайрылуусунун чыныгы себеби таптакыр башка сферада. Кайрылуунун авторлоруна А.Жекшенкулов өзүн тажрыйбалуу жана профессионалдуу элчи катары көрсөтө алганы канааттандырбайт. Аларга баш ийген, көз каранды, айткандарын унчукпай аткарган адам болсо, элчинин ыйгарым укуктарынан пайдаланып, мисалы, Бишкекке учуу үчүн тизмени түзүүдө карапайым мигранттардын эсебинен акча жасап алуусу ыңгайлуу болмок” деди жарандык активист.

Анын айтымында, мындай аракеттерди ишке ашыруу фактысы ачыкталган. Тактап айтканда, 17-майда аталган кишилер тарабынан убада берилип, бир бортко 2-3 эсе көп киши келип, уча албай калышкан. “Жыйынтыгында, убада кылынган жарандарды ташып кетүүнү биз уюштуруп бердик. Ал жерде коррупция элементтери бар болчу, ким канча алганын жана ким кимге туугандыгы бар экенин билебиз” деди Саралаев.

Ал белгилегендей, чет өлкөлүк жарандардын кыргыз мамлекеттик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигине шарттарды аткартууга укугу жок. 


“Медиа борбор”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер