Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баткендик аялдар жолду өздөрү оңдоп жатышат

Баткендик аялдар жолду өздөрү оңдоп жатышат

23-ноябрь, 14:03
625 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусунун жашоочулары кары-жашы дебей жолдорду өздөрү оңдой башташты.

Совет айыл өкмөтү менен Кадамжай районунун борборун бириктирүүчү жолдун бузулганына көп жыл өткөнүн айтышат айыл эли.

"Ар бир президенттик же парламенттик шайлоодо келген талапкерлер жолдун тарпы чыкканын көрүп, сөзсүз оңдоп беребиз" деп убада беришет дейт. Бирок канча жолу шайлоо өттү, жолдун бир метр жери да оңдолбогонуна нааразы болгон эл кары-жашы, кыз-келиндери, аялдары бардыгы жапа-тырмак жол оңдоого киришти.

“Шайлоо учурунда келген талапкерлер, шайлоо бүтөөрү менен бизге берген убадасын унутушат. Эми шайлоого жакындап калды, баягы эле көнүмүш убадалар башталды, биз эч кимге ишенбей калдык”, - дейт нааразы болгон айыл жашоочулары.   

Өкмөттөн үмүт үзгөн эл жолго кум чачып, өздөрү түздөп, оңдоп жаткан аялдардын сүрөттөрүн жарыялашты. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер