Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Кенжебаев: “Мамлкеттеги саясатчылар чыккынчы болсо, трагедиялуу жыйынтыктар күтөт”

Азамат Кенжебаев: “Мамлкеттеги саясатчылар чыккынчы болсо, трагедиялуу жыйынтыктар күтөт”

01-май, 09:00
380 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн санда)                

-- Россия–Украина согушун бир тараптуу кароого мүмкүн эместей. Калыс аналитикалык пикириңизди уксак?

-- Путиндин Украинага кол салардан мурун сүйлөгөн сөзүнөн байкоого болот. “Биз өз жерлерибизди силерге берип мамлекетти түзүп берсек, силер бизге каршы чыгып жатасыңар. Ошондуктан биз Лениндин убагында өтүп кеткен жерлерибизди кайтарабыз” деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөдү. Ошондуктан бул согушту бир тараптуу карабаш керек. Буга көп тараптуу көз караш менен караган туура болот деп ойлойм. 

Негизи Батыш тарап, Украинаны колдогондор “эгемендүү өлкөнүн чек арасын бузуп, ага кол салды” деп айтып жатышат. Грибоедовдун “Акылдан азап” аттуу чыгармасы бар. Ошол чыгармада “соттоочулар кимдер?” деген суроо берилет. Орустарды күнөөлөп, каршы чыккандар кимдер? Негизинен Европа өлкөлөрү, Батыштын либералдык саясатын колдогон өлкөлөр болуп жатат. Мисалы, Югославияны талкалап, бомбалаганда эч кандай реакция болбой, БУУнун мүчө өлкөлөрү себепкер болгон. Ливияны талкалаганда да эч кандай БУУнун чечими жок бомбалап, башчысы Каддафини өлтүрүүгө да өздөрү кошумча эле. Иракты, Сирияны талкалап, Афганистанды болсо 20 жылдап оккупациялап басып отурушту. Натыйжада миллиондогон адамдар каза болду. Эгер мен жаңылбасам, 40 млн. адам качкындарга айланды. Бүтүндөй гүлдөгөн шаарлар талкаланды. Миллиондогон адамдардын тагдыры бузулду. “Ушул саясатты колдошуп, өздөрү талкалап өлтүргөн өлкөлөр эми “сен эгемен мамлекетке кол салдың” деп айтканга моралдык укугу барбы? Эмне үчүн Батышка баары эле боло берет? Ар кайсы мамлекетке кирип согуш ачып, шаарларын тыптыйпыл кылып жок кылып, ресурстарын басып алып өздөрүнө иштетип, саясатын жүргүзсө болот дагы, башкаларга болбойбу?” деген мыйзамдуу суроо туулат. Ошондуктан бул жерде бүгүнкү күндө абдан чоң глобалдык масштабдагы согуш процесси башталып, ошол жүрүп жатат. Эми кандай жыйынтык берет, алдын ала так айтуу кыйын.

Ушундай чоң өлкөлөр ичиндеги проблемаларынан элин жазгырып, Америка пандемия учурунда 7 триллиондон ашык доллар басып, рынокко чыгарышты.  Натыйжада Америкада, Европа мамлекеттеринде, дүйнөдө инфляциялык процесс жүрүп, аларда элдин нааразычылыгы күчөй баштады. Күндө ар кайсы өлкөлөрдө митингдер болуп, мамлекетке каршы тукурган саясаттарын дагы көрүп жатабыз. Ушулардан элин алаксытуу үчүн башка жерлерде согуш чыгарып, экономикалык артыкчылыктарга ээ болуу аракетин көрүшүүдө. 

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин да, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да Америка эң чоң утушка ээ болгон. Бүгүнкү күндө Американын Россияга каршы болгон саясатын колдобогон өлкөлөргө Батыш өлкөлөрү абдан чоң көйгөйлөрдү жаратып жатат. Өздөрүнө жакын санабаган өлкөлөрдү басынтып, ички иштерине киришип жатканын көрүп атабыз. Мисалы, Грузия мамлекети Украина тарапты колдобой койду эле, Грузия өкмөтүн кулатып коюу тополоңу аз эле жерден калды. Бирок грузин өкмөтү өздөрүн сактап калышты. Андан сырткары, Израилде митингдер тынбай өтүп, ички граждандык согуш чыга тургандай акыбалга келип турат. 

-- Биздин өлкө кандай жыйынтык чыгарышы керек?

-- Биринчиден, бул жерде “жети өлчөп, бир кескен” саясат жүргүзүшүбүз керек. Жаныбызда абдан чоң держава Кытай турат. Андан сырткары, ары жагыбыздагы Афганистан да тынч эмес. Ошондуктан биздин жетекчилер аябай ойлонулган саясат жүргүзүшү зарыл. Украинадагыдай сатылма элитанын келишине жол бербешибиз керек. Булар өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлошуп, ар кимиси батышчыл, россиячыл ж.б. болуп бири-бири менен кырылышып, бир нече жолу революция кылышып, бүгүн өз мамлекеттерин жок кылып алышты. Чыккынчы, саткынчы көп өлкөлөр кыйрап жок болот. Муса пайгамбар тууралуу Тоорат деген китепте бар эле. Анда “эч убакта чеп сырттан алынбайт, ичтен алынат” дейт. Мамлкеттеги саясатчылар чыккынчы болсо акчадан башка эч нерсени ойлобосо, ушундай трагедиялуу жыйынтыктар күтөт. Ошондуктан эң биринчи кезекте элибиз, саясатчылар биримдикте болуп, Украинадагыдай окуяларга жол бербешибиз абзел. Башкача айтканда, Украинанын азыркы абалынан сабак алышыбыз керек деген ойдомун.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер