Сыйга татыбай калыштыбы? Замир Ракиев менен Тойгонбай Абдыкаровго баа берели!

Арстан Алайдын абактагы өлүмүнөн соң, коомчулукта кандай гана талаш-тартыштар жаралганына күбө болдук. Караңгы, радикал динчилдер “жаназа окулбасын” деп чыгышты. Ушунчалык да түркөйлүк болобу? Элибиз экиге бөлүнүп, жаатташып жатып калышты. Аң-сезимдүү катмар Арстан Алайды жакташты...
Биз эмне үчүн бул маселени козгоп атабыз? Себеби, олуттуу негиз бар. Ошол кезде муфтий Замир Ракиев менен дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Тойгонбай Абдыкаров кайда житип кетишкен? Баштарын кумга тыгышкандай образга өтүшкөнүн кантип түшүнөбүз? Салттуу динди багыттап, көпчүлүктү туура нукка бура турган ушулар эмеспи! Кыйчалыш учурда кара кылды как жарган калыстыкты, адилеттүүлүктү айта албаган Замир Ракиев менен Тойгонбай Абдыкаровду мамлекеттин эсебинен багып, аалым катары аздектеп отуруунун зарылчылыгы канчалык? “Котур таштары койнунда” катылгандай сыпатталып, булар да радикалдарды шыкактап, көшөгөнүн артында көгөрүп отуруштубу? Араздашууга кайдыгер карашканын кантебиз? Айтор, жакшы эмес. Элибизди ынтымакка чакырып, туруктуулуктун пайдубалын бекемдөөгө салымдарын кошо алышпагандан кийин, эрксизден баш чайкайт экенсиң. Сыйга татыбай калышты...
Кыскасы, Ракиев менен Абдыкаровдун жоопкерчиликтерин карап, ээлеп отурган кызматтарынан айдап салууга мезгил жетиптир. Тийешелелүү жогорку жетекчилик тыянак чыгарабы? Эртең кеч болуп калбасын...
"Азия Ньюс" гезити