Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уран Сыдыгалиев: “Бир айдан кийин элдин жашоосу дагы оорлошо баштайт”

Уран Сыдыгалиев: “Бир айдан кийин элдин жашоосу дагы оорлошо баштайт”

07-август, 21:53
4 307 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Экономика министри Акылбек Жапаров, алдыдагы төрт айда кризис күч алып, жокчулук болорун кыйытууда. Пенсия, жөлөк пулдарды төлөө кыйынчылыкка учурабайбы? Карапайым эл кантет?  

-- Соцфонддо, казынада канча каражат бар экени ошол өкмөт адамдарына, экономика министрлигине маалым эмеспи. Баары салыктын түшүшүнө жараша болот. Белгилүү бир жагдайлар бар үчүн айтылып жатат го...  

Өкмөттүкүн билбейм, бирок элдин жашоосу оор эле болуп калды. Инфляция жүрүп жатат. Баягы алып жүргөн акчаларга азыр ал азык-түлүктү ала алышпайт. Мурунку пенсияга алган акчалары азыр эч нерсеге жетпейт. Карапайым элге кыйын болот. Мектеп курагындагы балдары бир жарым жылдай үйдөн онлайн билим алышты. Бир айдан кийин мектептердин, окуу жайлардын сабактары башталса, жол кире көтөрүлсө, мындан да оорчулук жаралат. Өзгөчө кырдаал убагы үчүн ар кандай жолдорду сунушташууда. Элди кыйынчылыктан коргоо, караңгыда жол табуу – өкмөттүн колунда. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер