Акыркы кабарлар
» Саясат » Убактылуу өкмөттүн Роза Отунбаева баш болгон мүчөлөрү жакында камалышабы?
Убактылуу өкмөттүн Роза Отунбаева баш болгон мүчөлөрү жакында камалышабы?
17-июнь, 11:45
1 376 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ушундай. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күзгө карай Июнь коогалаңы, изи сууган миллиондор боюнча камаларын уктук. Азырынча кынтыксыз таризде кылмыш иштери козголууга, кошумча маалыматтарды бекемдөөгө батыл киришкендерин эшиттик. Алгач Роза Отунбаеваны камап, үй камагына чыгарып коюп, анан калгандарын эзишет экен. Ооба, эркиндиктеринен ажыратуу менен. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн фамилияларын санабай эле коёлу, коомчулукка белгилүү да. Бул жагынан тергөө амалдары жашыруун жүрүп, күзгө чейин маселе бышканда элге алып чыгышары ыраспы? Албетте, бара көрөлү!
"Азия Ньюс" гезити