Төлөнбек Абдыров: “Кымбатчылыкка жараша маяналар, пенсия, пособиелер көтөрүлүшү зарыл”
Экономика илимдеринин доктору, профессор менен маек.
-- Коомчулукта жер-жемишке, азык-түлүккө болгон кымбатчылык талкууланып, нааразычылык жаратууда. Мындай көрүнүш бийликтин беделине кандай таасир берет?
-- Өкмөт элди арзан азык-түлүк менен камсыз кылыш керек же айлык маянасын көтөрүшү шарт. Өкмөттүн иши ушул маселенин тегерегинде иштелип чыгышы зарыл. Учурда бүт эле жерде азык-түлүк жана эң негизги продукциялар кымбаттап, өсүп жаткан кез. Биринчиден, башыбыздан өткөн пандемиядан бери дагы деле байланыштар, чынжырланган логистика дегенибиз калыбына келбей, ошонун негизинен көйгөйлөр болууда. Андан кийин Россия менен Украина ортосундагы согуш, аскер операциясы ызы-чууларды жаратып, логистикалык байланыштын баарын талкалап турган кези. Ошон үчүн арзан келе турган продукция жолдору бузулгандыктан азык-түлүк кымбаттоодо. Дагы бир чоң маселе – жыл кургакчыл болгондуктан, көп өсүмдүктөр өспөй, ошонун негизинде товардын чыгышы ченелүү болуп, баасы жогорулоодо.
Бизде деле эки жылдан бери айыл чарбада абалыбыз оор. Мына, быйыл да өтө кургакчылык болуп, Орто-Токойдогу суу сактагычтагы суунун баары Чүй облусуна кетип, ал жакта суу маселеси жаралып, кургакчылыктын айынан мөмө-жемиштер болбой, баасы ошондон улам да көтөрүлүп жатат. Биздин азык-түлүк боюнча камсыз кыла турган 9 продукциябыз болсо, 2-3 продукция менен эле өзүбүздү өзүбүз толук камсыздай алабыз. Калганынын баарын сырттан ташып, сатып келебиз. Демек, анын баары кымбат баа менен келет.
Азык-түлүктөн сырткары, күйүүчү майлар дагы кымбаттай баштады. Бул дагы өзүбүз өндүрбөгөн продукцияга кирет. Кымбаттоолор боюнча факторлор көп. Айрыкча антимонополияга каршы кызматы аракетин кылып жатат. Бирок 80%дан ашык импорт алып келип жаткандан кийин, биз башка мамлекеттеги ишкерлерге кайрыла албайбыз. Ошон үчүн эл кыйналса мамлекет тарабынан кам көрүлүп, маяналары көтөрүлүшү зарыл.
-- Негизи канча пайызга чейинки инфляция нормалдуу көрүнүш?
-- Дүйнөлүк процесстен алганда, 6 пайызга чейинки инфляция нормалдуу эле көрүнүш. 6дан 10 пайызга чейин кичине мүчүлүштүктөр бар экенин билдирет. Ал эми 10 пайыздан 100 пайызга чейин экономикада стабилдүүлүк жок экенинен кабар берет. Эгер 100 пайыздан ашса, экономикалык начар көрсөткүчтүн тездик менен өсүшүн кабарлайт. Биздики азыр 12-13 пайыз болуп жатканы менен оңдоп кетүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр бар. 20 пайызга чыгып кетсе абдан кыйын болуп калат. Бул адамдардын топтогон акчасын же байлыгын 20 пайызга жеп, же табышынын 20 пайызы жокко чыкты дегенди билдирет. Инфляция бюджеттик мекемелерде иштеген, социалдык колдоого муктаждарга, пенсионерлерге да таасирин тийгизе турган жаман көрүнүш. Былтыр деле инфляция 14,7 пайызды түзгөн. Бирок өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин маянасын, пенсияны жогорулатып койду. Ошентсе да баалар көтөрүлүп кеткендиктен адамдар азык-түлүк сатып алууда чектелип калат. Жазында көп жер-жемиш быша элек, күйүүчү май кымбат кез болот. Ал эми күзүндө бышыкчылык маалында түшүм жыйнайбыз. Мунун баары базар баасына, инфляцияга таасирин берет. Экинчиден, атамекендик өндүрүштү көбөйтүп, экспортко чыгарсак, анын акчасына сырттан келүүчү импорт менен өзүбүздү камсыздай алабыз. Ушундай жол менен инфляциянын көрсөткүчтөрүн түшүрүп коюуга болот. Бул эми божомол. Аба ырайы, түшүм жакшы болуп калса, инфляция басаңдашы мүмкүн. Ал көбүнчө күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизет. ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттерге салыштырмалуу арзаныраак алып жатабыз. Бирок Россияда кымбаттаса, бизге да кымбат сатылат. Негизги 9 продукцияны өзүбүздөн чыгарып, экспорттук потенциалыбызды күчөтүшүбүз керек. Ошону менен валютаны жөнгө салып, инфляцияны жогорулатпай кармап турууга мүмкүнчүлүктөр бар.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити