Манас Осмон, журналист: “Кийинки жаңжал кезеги Борбор Азияга келиши мүмкүн”


-- Тышкы саясатта абал барган сайын курчуп бараткансыйт. Бир эле күндө АКШ Иранга коңшу болгону калды. Армения көзөмөлдөгөн Зенгезур коридорун эми АКШ 99 жыл көзөмөлдөй турган болду. Бул жагдай кимдерге коркунуч жаратып, кайсы тарапка ийгилик алып келиши мүмкүн?
-- Бул абалды Ирандын режимин жыгууга жасалган алгачкы аракет катары түшүнсөк болот. Россия Сирияда, Ливияда, Иракта, Сомалиде таасирин таптакыр жоготту. Эми 100 жылдан ашуун көзөмөлдөгөн Кавказ аймагын да колунан чыгарып бараткансыйт. Же сырткы күчтөр дүйнөнүн жарым бөлүгүн колунда кармаган державаны алсыратып жатышкандай. Өткөн жума Вашингтондо Трамп-Алиев-Пашинян үчилтиги Зенгезур кысыгын АКШга өткөрүп берген келишимге кол коюшту. Бул жагдай Американын өнөктөшү болбогон баардык өлкөлөргө, анын ичинде Иранга, Россияга, Индияга кооптуу жагдай жаратышы айкын.
-- Азербайжан менен Армения Россиянын көзөмөлүнөн чыгышы мүмкүнбү?
-- Дүйнөнү башкарган державалар оюн талаасын башка аймактарга көчүрүп жатышат. Араб өлкөлөрүн 100 жылдан бери талап-тоноп, картасын өзгөртүшүп, диний ишенимдерине чейин бөлүштү. Жакынкы Чыгыш эми ичтен түтөп, өз ара жаңжал тутана берет. Эгер "бөл, бырчала, жут" саясаты Кавказда ишке аша турган болсо, андан кийинки кезек Борбор Азияга келиши мүмкүн.
-- Кавказ державалардын оюн талаасына айланып бараткан жокпу? АКШ менен Россиянын Аляскадагы жолугушуусунан майнап чыгабы?
-- 15-август күнү Путин-Трамп жолугушуусу Украинага тынчтык алып келет деп ойлойм. Анткени, Россия “Луганский менен Донецкийди Украина таштап чыгып кетсе, согуш аяктайт” деп жатат. Трамп Владимир Зеленскийди ушуга көндүрүшү мүмкүн. Албетте, бул жеке пикирим.
АКШ үлкөн держава болсо деле анын алдында да бир коркунуч бар, маселен, Россия-Кытай-Индия үчилтигинин түбөлүк достугу сыяктуу.
"Азия Ньюс" гезити











