Соке резиденцияда тайраңдап жатпай, Октябрь окуясы үчүн жазасын алабы?

Аз күндө былтыркы 5-6-октябрдагы окуяларга бир жыл толот. Үмүтбектин өлүмү, ондогон балдардын майыптыкка учураганы, жүздөгөн жарандарыбыздын жаракат алышканы белгилүү. Буларга ким жооп берет? Агездеги мыйзамдуу президент Сооронбай Жээнбеков өлкө туруктуулугун камсыздай албай, министр Кашкар Жунушалиевге тынчтык митингге чыккандарды аттыртып салган. Канча кан төгүлдү? Дал ушул жоготууларга бир жылдан бери эч ким жооп бербей атканы таңгалдырат. Коомчулуктун да кыжырын келтирүүдө. Сооронбай Жээнбеков коррупциялык, рейдерлик жана Кой-Таштагы кан төккөнү боюнча келечекте жооп бергиче, Октябрь окуясы үчүн катаал жазага тартылабы? Жүздөгөн адамдардын аянычтуу тагдыры оюнчук эмес да! Натыйжада, көпчүлүк катмар Сокенин резиденцияда тайраңдап жатышын эмес, мыйзамдуу алкакта жоопкерчиликке тартылышын, токтоосуз түрдө камакка алынышын күтүп атышат!
"Азия Ньюс" гезити