Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Не сахардын» автору Эрулан Көкүлов олуттуу илдет менен ооруганын айтты

«Не сахардын» автору Эрулан Көкүлов олуттуу илдет менен ооруганын айтты

26-май, 12:08
738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Журналист, блогер Эрулан Көкүлов олуттуу илдет менен күрөшүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып айткан.

«Акыркы убактарда мен өзүмө, туугандарыма, жакындарыма аябай көп убакыт бөлүп жатам. Себеби, мен өзүмдүн ден соолугумда олуттуу көйгөй бар деп ойлойм. Бул өтө эле олуттуу оору экенин сезем. Андыктан, мага жакын арада жеткиликтүү медициналык жардам керек. Мен өзүмдүн ооруп жатканымды билем. Жакында толук анализ тапшырып бүтөм» деген.

Журналисттердин «бул ошончолук эле олуттуубу? Бирок сен жашайсың да?» деген суроолоруна «ооба, бул өтө олуттуу. Билбейм, көрө жатарбыз» деп жооп узаткан.

Белгилей кетсек, Эрулан Көкүлов коомчулукка «Не сахар» долбоору менен белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер