Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Жунушалиев кызарган жердин баарын “жең ичинен” соодалайбы?

Айбек Жунушалиев кызарган жердин баарын “жең ичинен” соодалайбы?

01-апрель, 22:52
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге көпчүлүк нааразы экенин билдирип коёлу. Мурда да иштей албай кетсе, азыр дагы чайналып, көп көйгөйлөр козуй баштады. Элементардуу гана маселелер. Эч ким асмандагы айды кыялданбайт. Инвестиция тартуу сыяктуу ири долбоорлор түшкө да кирбей калган...

Шаардын дээрлик көчөлөрүндө, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы аң-чөнөктөрдү көрүп атабыз, бомба түшкөндөй эле абалга тушуктук. Бир кышка чыдабаган сапатсыз асфальттарга кимдер жооп беришет? Өтө кейиштүү нерсе. Тешилген жолдорду оңдоо демилгеси көтөрүлө элек, сыягы артка кетет окшойбуз. 
Ал эми быйыл жаңы келген автобустарды тажрыйбасыз айдоочуларга тапшырышып, алардын жарымын талкалап салышканы кандай? Улам эле жол кырсыгына кабылып жатышат. Маршрутка айдагандай шашып, куушуп жүрүшсө, бат эле түбүнө жетишет экен да. Автобустун жүргүнчүлөрүнүн коопсуздугун ойлогон жан жок. Айтор, урганы жоктой...
Ошого катар тазалык маселесин да эскертип коёлу. Кышы менен акыр-чикирлер убагында тазаланбаса анчейин байкалбайт, эми күн жылыганы ылаңдын баары козголуп, шалаакылыктын айынан таштандылар чирип, сасыганына күбө болобуз. Бул көйгөй жылыга айтылат, бирок чечилбейт тура. “Тазалык” ишканасынын жетекчилигине бир “шоуменди” коюп алышыптыр, анысы пиар менен алек. Мэрди көзгө деле илбейт. 
Айбек Жунушалиев кандайча экинчи ирет Бишкек шаарын жетектеп отурат? Көрсө, бул эргул документтерди тууралаганды, кайсы жерде курулушка ылайыктуу участоктор калды, мына ошонун баарын тескей билеби? “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Эмилбек Абдыкадыров талкалап, мойсоп кеткенден кийин Айбек Жунушалиев кызарган жерлерди көмүскөдөн “жайлап” бүткөнү калдыбы? Бир күн келип, сурак башталса, экс-мэрлердин канчасы камалышат болду экен? Көмүскөдөн мойсоп атышса, акыры ачыкталат го? Сыягы, сызга жетелечү суроолор арбын...
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер