Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны көбөйүүдө
Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны көбөйүүдө
31-май, 16:46


Бул тууралуу маалымат жыйында республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы Чинара Бекбасарова билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдан бери Кыргызстанда 15 жаштан жогорку курактагы эркектердин арасында тамеки чеккендердин саны азайып, ошол эле учурда аялдар менен кыздардын арасында тамеки тарткандардын саны өскөн.
«Ошондой эле насвайды аялдар 7 эсе, эркектер 3 эсе көп колдоно башташкан. Буга бир жагынан тамекинин кымбатташы, экинчи жагынан насвайдын жөнгө салынбаганы таасир этүүдө» деди Чинара Бекбасарова.
Эскерте кетсек, дүйнө жүзүндө 31-май – бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү күнү.










