Айбек Ажыбаев менен Октябрь Урмамбетов өздүк курамга кайдыгерби?

Кой короого карышкырлар тийгендей эле образга күбө болдук. УКМК жасоолдору Бишкек ШИИБнин кайгуул кызматкерлерин катарда тизилип турган жеринен терип кетишти. Кандай аянычтуу көрүнүш? Камакка алышып, шорлорун катырышат да. Кайгуулчулардын кураторлору Бишкек ШИИБ орун басары Айбек Ажыбаев, ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов экенин маалымдашты. Бул эки чиновник каякты карап отурат? Өздүк курамдан тазалыкты талап кылышып, ошол эле кезде коргоп калышпайбы? Жогорку жетекчилер шалаакы, кайдыгер болушканы үчүн катардагы кызматкерлери жаза басышып, камалып кетип жатышат да, туурабы? Эгерде Октябрь Урмамбетов менен Айбек Ажыбаев иштей алышпаса, кызматтарын тапшырышып, ордуларын профессионалдарга өткөзүп беришпейби? Качанкыга чейин милицияны кор кылышат? Акыл калчайлы да.
"Азия Ньюс" гезити