Апамды тирүүлөй азапка салып жүрөм

Мен кичинекей кезимде үй-бүлөбүз менен автокырсыкка учураганбыз. Бир бутумдун сөөктөрү бычырап сынып, ошол күндөрдөн бери бутумун азабын тартып, сылтып, сылтып гана эмес ийрелеңдеп басам. Көчөгө чыкканда артымдагы адамдардын шылдыңдай караганын, ал гана эмес ачык эле күлгөндөрүн да эшитип калам. Ошондуктан таптакыр үйдөн чыкпайм. Жашым болсо отузга жакындап калды. Эч жакта иштебей, ага-жеңемдин таап келгени менен гана күн өткөрөм. Апам болсо тапкан-ташыганын, пенсиясынын акчасын мага коротуп, каалаган кийим-кечемди алып берип, көзүмдү караганы караган.
Бир ирет агам экөө мен үчүн кыжылдашып жатканын эшитип калдым. «Кызыңдын аракети жок. Эми отузга чыгайын деп калды. Өзүнө иш караштырып аракет кылбайбы» деп, дагы көп сөздөрдү айтты. Апам болсо мени коргоп чебелектейт. Агам-жеңемдин көз карашынан жек көргөндөрүн, тамак-ашка болгон кызганычтарын байкап, күн санап бул үй мага жат болуп баратат. Бир гана апамды аяйм. Болбосо бул жарык дүйнө мага кызыксыз. “Апа, сиз өлбөңүз! Эгер өлүп калсаңыз эртеси мен да артыңыздан барам! дейм. Апамды тирүүлөй азапка салган бир бактысыз болдум.
Зуура
"Азия Ньюс" гезити