Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Апа, мен башка чыдай албайм, күйөө балаңыз менен ажырашам...”

“Апа, мен башка чыдай албайм, күйөө балаңыз менен ажырашам...”

27-апрель, 18:24
2 040 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сулайман ажы кезектеги сабак боло турган кызыктуу окуяны жарыялады:

“Таң эрте жолдошумду жумушуна узатып, тез-тез буюмдарымды салдым да, үч жашар уулумду алып, апамдыкына жөнөдүм. Апакем менен атакем мени ачык жүз менен тосуп алышты. Бирок үйгө кирерим менен апамды кучактап ыйлай баштадым. Муну көргөн атам неберелерин алып, башка бөлмөгө алып өттү.

“Апа, мен башка чыдай албайм, күйөө балаңыз менен ажырашам. Жаныма тийип кетти, апа!” деп кучактап ыйлай баштадым. Апам мени сылап, “мейли кызым, эрке кызым, сен эмне десең биз колдойбуз. Атаң менен мен ар дайым сени колдоп, кубаттайбыз. Өзүңдү карма кызым, биз жаныңдабыз” деп мени сооротуп, ашканага алып кирди.

“Отурчу кызым, чай ичели, өзүңдү бас” деп тынчтандырды. Мени сооротту. Чогуу отуруп чай ичтик. Акырын өзүмө келип, апам менен сүйлөшө баштадым. Апам эмне болгонун сурады. Мен айттым: “Күйөө балаңыздын кылыктарынан тажадым. Жумуштан кеч келет, ар дайым шылтоосу даяр. Түзүгүрөөк отуруп сүйлөшпөйт, мени жаман көрөт. Мен мындай жашай албайм. Кээде мага ачууланып кыйкырат, тоюп кеттим, апа!”

Апам унчукпай бир аз убакыт отурду да, бир ак кагаз менен ручка алып, кагаздын ортосуна түз сызык сызып, мага узатып: “Сызыктын сол жагына күйөө баланын айыптарын калтырбай бирден жаз” деди. Мен “эмнеге апа?” деп  сураганыма көңүл да бурбай, “жаз, жаза бер” деди. 

Мен бир аз ойлонуп отуруп, бардык айыптарын кагазга түшүрө баштадым: “Жумуштан кеч келет. Мага ачууланат. Мени менен сүйлөшпөйт. Мага бакырат” деген сыяктуу жоруктарын кагазга жазат экемин деп ойлодум. Апам “жакшы” деп мактай берген күйөө баласынын кандай экенин бир көрүп койсун, ушундай жазайын, кагаздар толуп кетсин дедим. Жазып бүттүм да, кагазды узаттым. Апам жазгандарымды окуп да көрбөдү, кагазды өзүмө кайтарып, “эми күйөө баламдын ар бир жаман жоругунун тушуна (сызыктын оң жагына) анын ошол жаман жоругуна сенин өзүңдүн, кыла турган жообуңду жазып чык” десе болобу!

Мен жооп жазмайын эч жакка кете албасымды аңдап, жаза баштадым:  

“Жумуштан кеч келеттин” тушуна – “кеч келген үчүн кабагымды салып күтүп алам. “Мага ачууланаттын” тушуна – “мен да капа болом, тамак бышырбай коём” деген сыяктуу өзүмдүн да ага жооп кылган эмоцияларымды кагазга түшүрдүм. Апама узатып жатып, “күйөө балаңыз өзү баарын баштайт” дедим. Апам колумдан кагазды алып, кайчы менен орто сызыктан тең экиге бөлүп кыркты. Күйөө баласынын жаман жоруктары жазылган бөлүгүн мыкчып, таштанды чакасына таштады. Менин тырмакчага алынган пейилдерим жазылган кагазды өзүмө берип: “Кызым, жашоо оюнчук эмес, колуңда өз колдоруң менен жазылган пейилдериң турат. Азыр тез кийинесиң дагы (неберем биз менен калат) колуңдагы кагаз менен үйүңө барасың. Өз үйүңдө өзүңдүн пейилдериңди окуп, сиңиресиң. Күйөө балам сенин пейилдериңе кантип чыдап жүргөнүн ойлойсуң. Акылыңа кел. Ошондон кийин деле “жок, меники туура” десең, анда биз макулбуз” деди да менин колума кагазды карматып, көчөгө чыгарып койду.

Мен эмне болуп кеткенин аңдай албай үйгө кирип келдим. Ашкана отургучуна араң отурдум да, өз колдорум менен жазган “сонун” пейилдеримди окуй баштадым. Окуп жатып, “ушунчалыкмынбы? Чын эле мен ушундай аялмынбы? Ушундай аял менен жолдошум чыдап жашап жатабы?” дедим. Мен өзүмдүн шайтанга кулак салган напсим менен уулумду тирүүлөй жетим кылып, өзүмдү азапка салганга бир кадам калгандыгын сездим. 

Капилет уйкуман ойгондум да, жолдошумдун жумуштан келишине даамдуу тамактарды жасадым. Үйлөрдү көрктөндүрдүм. Жолдошум жумуштан келди. Жүзүмдө жылмаюу, ачык жүз менен тосуп алдым. Урмат-сыйымды ордуна коюп, аялдык жүрүм-турумумду калыңдаттым. Жолдошум таңыркап, кубанычтуу эле. Анан акыры бүгүн күн башкачабы? деди. Мен “сизди тагдырыма жазып берген Жаратканга мактоолор болсун! Эми жашоо башкача дедим.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер