Кубатбек Байболов, коомдук ишмер: “Улуттун мыктылары мамлекеттен качып жатышканы – жакшылыктын жышааны эмес”

-- Кубатбек Калбекович, акыркы жылдары бизнесин чет мамлекеттерге чыгарып, ал жактан мүлк сатып алган ишкерлер көбөйдү. Мунун себеби эмнеде?
-- Чет өлкөгө кетип, ал жактан бизнеси өнүгүп, бактылуу, шайма-шай болуп кетүүнүн өзү бакыт экендигине ишене албайм. Туулуп өскөн жериңде эркиндик, акыйкаттык өкүм сүрүп, ишкерлик жүргүзгөнгө не жетсин?! Улуттун мыктылары мамлекеттен качып жатышканы – албетте, жакшылыктын жышааны эмес.
Себеби эмнеде? Себеби, ишкерлер өлкөдө эркин бизнес жүргүзүүгө үмүтү өчкөндүгүндө, зордуктун күч алгандыгында, мыйзамды тандалма колдонуу эбегейсиз деңгээлге жеткендигинде го?..
-- Баса, муфтият “өлүм болгон үйдө мал союлбасын, жыртыш таратылбасын” деп чыгарган фатваны эл колдойбу?
-- Мамлекет элдин нарк-насилин, байыртадан калган адаттарын фатфалар менен башкара албайт. Кыргыздар эзелтен бери өлүү-тирүүнүн нарк-насилин, аласа-бересесин, урмат-ызаатын өзүнүн жашоо тиричилигине кеңири сиңирген эмеспи. Ата-бабадан калган баалуулуктар оңой менен өзгөрүп кетпейт...
"Азия Ньюс" гезити