Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Путин Россиядан 10 миң доллардан көп акча алып чыгууга тыюу салды

Путин Россиядан 10 миң доллардан көп акча алып чыгууга тыюу салды

02-март, 12:13
597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындай жарлык 1-мартта Кремлдин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, бул чектөө 2-марттан тарта күчүнө кирет. Буга чейин өлкөдөн 10 миң доллардан ашык каражат алып чыгуу үчүн декларация жараянынан өтүү жетиштүү болчу.

Путиндин жарлыгына ылайык, «дос эмес өлкөлөрдүн» жарандарына жана алар көзөмөлдөгөн түзүмдөргө баалуу кагаздарды жана кыймылсыз мүлктү сатууга же сатып алууга да тыюу салынат. Ошондой эле аларга чет өлкөлүк инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын макулдугу жок рубль түрүндө кредит берилбейт.

Россия 24-февралда Украинага басып кирген. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Россияга бир катар санкцияларды жарыялады. Мындан улам орус валютасынын куну кескин төмөндөп кетти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер